Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Издөө
» » Өзбекстанда Гүлнара Каримованын бөлөсүнүн мүлкү аукционго коюлду

Өзбекстанда Гүлнара Каримованын бөлөсүнүн мүлкү аукционго коюлду

12 апр 2019, 13:24    bishkek
Өзбекстанда Гүлнара Каримованын бөлөсү Акбарали Абдуллаевдин мүлкү аукционго коюлду. Бу тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.Абдуллаев бир канча жыл бою Фергана облусундагы өнөр жай объектилерин, анын ичинде Ферганадагы мунайды кайра иштетүүчү заводду, «Кувасайцементти» көзөмөлдөп турган. Сатыкка коюла туран мүлктүн жалпы аянты – 4,5 гектар, баштапкы баасы 8,2 миллиард сум (1 миллион доллар). Объект Паркент районундагы Күмүшхон айлында жайгашкан.
Акбарали Абдуллаев – маркум Ислам Каримовдун аялы Татьяна Каримованын бир тууган эжеси Тамара Сабированын уулу. Ферганада Абдуллаевди “ферганалык ханзаада” деп аташкан, себеби 2000-жылдардын башынан тарта ал апасы экөө Фергана өрөөнүнүн бейрасмий кожоюндары болгон.
2013-жылы Абдуллаев экономикалык кылмыштарга айыпталып, Ислам Каримовдун буйругу менен камалган. 2014-жылы 15 жылга түрмөгө кесилген, кийин жаза мөөнөтү алты жылга кыскартылган.
2,5 жыл түрмөгө отургандан кийин ал мунапыс менен мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Ислам Каримов өлгөндөн кийин ал мыйзамсыз түрдө өлкөдөн чыгып кеткен.
Акбарали Абдуллаев 2017-жылы 14-январда Киевдеги “Жуляна” аэропортунда кармалган. Ал алгач Украина Коопсуздук кызматынын абагында кармалган, себеби атайын кызматтар анын өмүрү коркунучта болушу ыктымал деп эсептешкен.
Кийинчерээк үй камагына чыгып, Киевдеги «Козин» кыштагына жайгашкан. Бул жерде Украина президенти Петр Порошенко жана бир катар украин олигархтарынын турак-жайлары бар. 2017-жылы ал Украинада качкын макамына ээ болуп, бул өлкөдөн чыгып кеткен.
Абдуллаев адвокаттардын суроосу менен Интерпол тарабынан изделген кишилердин тизмесинен чыгарылган. Ал учурда кайсы өлкөдө экени белгисиз.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив