Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Издөө
» » Мэрия Бабановдун тарапкерлерине Горький гүлбагын сунуштоодо

Мэрия Бабановдун тарапкерлерине Горький гүлбагын сунуштоодо

12 апр 2019, 12:24    bishkek
13-апрелде Бишкектеги Эски аянтта өкмөт башчынын катышуусу менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин чоң иш-чарасы өтөт. Ошондуктан мэрия Бабановдун тарапкерлерине ал күнү аянтта митинг өткөрүүгө уруксат бере албайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев "Азаттыкка" билдирди:

- Мэрия тынч митинг өткөрүүгө тыюу салбайт. Бирок бизге Саламаттыкты сактоо министрлиги 27-мартта эле кат менен кайрылып, 13-апрелде Эски аянтта иш-чара өтөрү тууралуу кабар беришкен. Биз эки иш-чараны бир жерге өткөрүүгө уруксат бере албайбыз. Ал эми борбордук аянтта шаар күнүнө карата ири репетиция болот. Ошондуктан борбордук аянтка да уруксат бере албайбыз. Биз аларга митингин аянттарга танапташ эле жайгашкан Горький гүлбагында өткөрүүсүн сунуштадык. Бул жерге деле он миң киши батат.

Түлөбаевдин айтуусунда, шаар жетекчилиги митингчилердин коопсуздугун да камсыздап берүүнү мойнуна алган.

Мурдараак "Республика" партиясы өзүнүн лидери Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсүнүн урматына 13-апрелде Эски аянтта митинг өткөрөрүн билдиришкен. Кийинчерээк буга шаардык мэрия тоскоолдук кылып жатат деген жүйөө менен сотко кайрылышкан.

"Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Апта башында өзүнүн НТС телеканалына курган маегинде өлкөгө кайтып келип, саясий жашоого аралашарын айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Ошондой эле атайын кызмат Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген.

Булак: Азаттык скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив