Президент Сооронбай Жээнбеков Германияны Кыргызстанда биргелешкен фито-санитардык жана ветеринардык лабораторияларды түзүүнү сунуш кылды
Улукбек Кочкоров: "Балага сүйүнчү" алуу үчүн арыз берген жарандар эртеси күнү эле акча каражаты түшкөндүгү тууралуу банктардан СМС-билдирүү алышууда"
Мирлан Дүйшөмбиев, журналист: "Президентибиз Германияда эне тилибизде сүйлөгөнү үчүн айрымдар тарабынан сынга алынып жатат"
Сооронбай Жээнбеков: "Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү"
С.Жэээнбеков: Все равны перед законом. Ошибаются те, кто думает оказать давление на власть, выведя народ на улицы
Бакыт ОРУНБЕКОВ, коомдук ишмер, саясый илимдердин кандидаты: “Мелис Мырзакматов “чоң калибрдеги” саясатчылардын бири”
Эмилбек Каптагаев: "Президент Сооронбай Жээнбековду Бабановго каршы ачык эле тукуруп жатышат"
Президенттин басма-сөз катчысы Толгонай Стамалиева Атамбавге жооп кайтарды
Алмазбек Акматалиев: "Атамбаев жашынып алып, чоң чыр, төңкөрүшкө даярданып жатат!"
АКШ Голан дөңсөөлөрүн Израилдин бир бөлүгү катары тааныды
Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Издөө
» » Украинада Зеленскийди автоунаа сүзүп кеткен видео боюнча кылмыш иши козголду

Украинада Зеленскийди автоунаа сүзүп кеткен видео боюнча кылмыш иши козголду

12 апр 2019, 12:19    bishkek
Украина полициясы жүк унаасы президенттикке талапкер Владимир Зеленскийди сүзүп кеткен видеотасманын жайылтылышы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу «Настояшее время» телеканалы кабарлады.
Маалыматка караганда, кылмыш иши «Мамлекеттик же коомдук ишмерге карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү» беренесинин негизинде козголду. Тасмада Владимир Зеленский топтолгон адамдардын алдында басып келатканда жүк унаасы сүзүп кетет. Андан соң ак порошок жана оролгон доллар көрсөтүлүп, «Ар кимдин өз жолу бар» деген жазуу пайда болот.




Полиция бул видеотасманы өчүрүү талабы менен социалдык түйүндөрдүн жетекчилерине кайрылуу даярдап жатат. Зеленскийдин командасы анын күзөтүн күчөтүүнү сунуштап, видеону жайылтууга Украинанын учурдагы президенти Петро Порошенкону айыптады. Алар тасма мамлекет башчыга тиешеси бар болушу мүмкүн болгон телеграм-каналдардын бирине жарыяланганын билдиришүүдө.
Азырынча бул видеотасманын пайда болушу боюнча Порошенконун штабы эч кандай комментарий бере элек.
Мурдараак Порошенконун штабы анын Владимир Путинге каршы тургандыгы көрсөтүлгөн үгүт материалына карата альтернативдүү жарнак көрсөткөн. Анда Порошенконун жанына орусиялык шоумен Максим Галкин менен Владимир Зеленскийди кошуп коюшкан.
Президенттик шайлоонун биринчи айлампасында Зеленский 30 пайыздан ашык, Порошенко 16 пайызга жакын добуш алган. Экинчи айлампага өтпөй калган талапкерлердин көбү Зеленскийди дагы, Порошенкону дагы колдошкон жок.
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив