Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Издөө
» » “Республика” партиясы 13-апрелде, бир эле учурда Бишкекте, Таласта, Караколдо жана Нарында тынч митингдерди өткөрөт

“Республика” партиясы 13-апрелде, бир эле учурда Бишкекте, Таласта, Караколдо жана Нарында тынч митингдерди өткөрөт

11 апр 2019, 15:38    bishkek
Урматтуу кыргызстандыктар!
Бардык кыргызстандыктардай эле биз “Республика” партиясы президенттикке экс-талапкер, белгилүү мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Кыргызстандыктар Өмүрбек Бабановду чыныгы реформатор жана жаратман катары билишет, ал саясий амбициясынын ордуна элибиздин тынчтыгын жана биримдигин тандаган.
Көп мекендештерибиз Өмүрбек Бабановду “Манас” аэропортунан тосуп алабыз дешүүдө, бирок ал жак жолугушууга тар болуп калат. Андыктан Өмүрбек Бабанов менен жолугушууну биримдик, адилеттик жана өкүгүү ураандарынын негизинде Бишкектеги эски аянтка өткөрүүнү чечтик. Бишкекке учуп келээри менен дароо эле ушул аянтта эл менен жолугушуусун Өмүрбек Бабановдон сурандык.
Өмүрбек Бабановдун бардык тарапташтарын, урматтуу саясий, коомдук ишмерлерди, депутаттарды жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн 2019-жылдын 13 апрелинде саат 14:00го Бишкектин эски аянтына чакырабыз.
 “Биримдик, адилеттик жана өнүгүү” салтанаттуу жолугушуусу 2019 жылдын 13 апрелинде саат 14:00доКыргызстандын төрт шаарында башталат – региондордогу жолугушууларда түз эфир болот:
1.Бишкек шаары, Өкмөт үйүнүн маңдайындагы эски аянт
2.Талас шаары, Обладминистрациянын маңдайындагы аянт
3.Нарын шаары, Обладминистрациянын маңдайындагы аянт
4.Каракол шаары, ЫсыкКөл университетинин маңдайындагы аянт
Белгилеп кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана тынч жыйындарды өткөрүү мыйзамына ылайык, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча билдирүүлөр берилди. Азыркы учурда башка шаарларда жолугушууларды өткөрүү суранычтарды караштырып жатабыз.
Терең урматтоо менен,
“Республика” саясый партиясыскачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив