Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Жээнбеков: Эч кимге карызым жок (видео)

Жээнбеков: Эч кимге карызым жок (видео)

11 апр 2019, 15:13    bishkek
«Бир гана Кудайдын алдында, элдин алдында гана карызым бар. Башка эч кимге карызым жок», - деп билдирди бүгүн мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков парламенттин жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө. «Кылган эмгегим – таза. Мага жалган жалаа жукпайт», - деди президент.
Жээнбеков президент болуп 2017-жылы шайланган. Анын талапкерлигин экс-президент Алмазбек Атамбаев жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) көрсөткөн. Бирок кийин экөөнүн ортосунда мамиле салкындап кеткен.
Жакында Атамбаев «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы өткөргөн курултайдын артында Асылбек, Сооронбай Жээнбековдор турарын белгилеп, «саткындарга кошулбайбыз» деп айткан. Ал «Жээнбековду бийликке алып келгенин» эскертип, буга өкүнүп жатканын» билдирген.
Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева 9-апрелде «Фейсбуктагы» баракчасына пост жазып, Атамбаев менен Жээнбековдун пикир келишпестигине 2017-жылы Минскиде өткөн ЖККУнун жыйынында Жээнбековдун Атамбаевдин каршылыгына карабастан Казакстандын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканы себеп болгонун билдирген.
«Жолукпай кое алмак эмес. Анткени күнүмдүк тиричилигин, соода-сатыгын казак боордоштор менен чогуу өткөргөн калкыбыз ажодон чек ара чырын чечүүнү күтүп жаткан. Жаңы ажонун ушундай кадамдарын экс бара-бара «саткындык» деп баалай баштады...» дейт Стамалиева.
Ал эми Жээнбековдун шайлоо штабын жетектеген Фарид Ниязов Стамалиевага жооп кайтарып, «саткындык темасы экөөнүн ортосунда кийин гана пайда болду» деди. Жээнбеков КСДПнын президенттикке талапкерлеринин тизмесинде 2016-жылы эле биринчи орунда турганын жана сүрөө иштери ырааттуу негизде жүргөнүн айтты.

Булак: Азаттык скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив