Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Евробиримдик Брекзит мөөнөтүн 31-октябрга чейин узартууга макул болду

Евробиримдик Брекзит мөөнөтүн 31-октябрга чейин узартууга макул болду

11 апр 2019, 14:35    bishkek
Мындай макулдашуу 10-апрелде Брюсселде Евробиримдиктин лидерлеринин чукул саммитинде кабыл алынды. Биримдикке кирген өлкөлөрдүн көпчүлүгү Британияга 9 ай же бир жыл убакыт берүүнү жакташты.
Саммит жабык өттү. Бирок журналисттерге жеткен маалыматка караганда, Франциянын президенти Эммануэл Макрон май айынын соңуна чейин гана мөөнөт берүүнү колдогон.
Европа кеңешинин жетекчиси Дональд Туск 11-апрелде «Твиттердеги» баракчасына макулдашууну «ийкем узартуу» деп жазып, бул Британиянын чечим чыгарышы үчүн жакшы мөөнөт экенин белгиледи.
«Бул кошумча алты ай деген сөз. Мен британдык досторума кайрылгым келет. Бул эң жакшы чечимге келиш үчүн жетиштүү убакыт. Ушул убакытты бошко кетирбөөңүздөрдү өтүнөм», - деди Туск саммиттен кийинки басма сөз жыйынында.
Тусктун айтымында, алты ай ичинде Британия биримдиктен чыгуу боюнча келишимди ратификациялашы мүмкүн же «брекзитке» карата стратегиялык мамилесин кайра карап чыгып, чакыртып алышы ыктымал.
Буга чейин Британиянын парламенти өкмөттү Евробиримдиктен чыгуу мөөнөтүн дагы жылдырууну өтүнүүгө милдеттендирген. Буга чейин Евробиримдик Брекзиттин мөөнөтүн жылдырып, 12-апрелге чейин убакыт берген.
Парламенттегилер өздөрүнүн ичинен сунушталган төрт жолду дүйшөмбүдө четке кагышкан. Ага чейин Мэйдин Брюссел менен чогуу түзгөн келишими үч ирет добушка коюлуп, бирок өтпөй калган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив