Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Издөө
» » Өзбекстан Башкы прокуратурасы: абактагы Кадыров кыйноого алынган эмес

Өзбекстан Башкы прокуратурасы: абактагы Кадыров кыйноого алынган эмес

11 апр 2019, 14:24    bishkek
Өзбекстан Башкы прокуратурасы маалымдагандай, коррупция айыбы менен абакта отурган мекеменин мурдагы жетекчиси Рашид Кадыровдун денесинен уруп-согуунун белгилери табылган эмес.
Буга чейин Amnesty International (AI) эл аралык укук коргоо уюму Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыровду кыйноого алуу ыктымалдуулугуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.
Укук коргоочулар Шавкат Мирзиёевди «Рашид Кадыровду жана аны менен бирге кармалган 12 экс-чиновникти кыйноолор менен ырайымсыз мамилелерден коргоого, ошондой эле алардын квалификациялык медициналык жардамдарды алуусуна шарттарды түзүп берүүгө» чакырган.
Буга жооп иретинде Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө Рашид Кадыров адвокат менен камсыз болгону, эч кандай чектөөсүз жолугушууларга уруксат берилгени айтылат.
Рашид Кадыров тергөө маалында ИИМдин медициналык мекемесинин көзөмөлүндө болгону белгиленет.
Тергөө маалында соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн. Рашид Кадыровдун саламаттыгы жайында, денесинен ур-токмоктун белгилери табылган эмес деген бүтүм чыгарылган.
Башкы прокуратуранын билдиришинче, Рашид Кадыров өз демилгеси менен адвокат Мадьяровдун кызматынын баш тартканын, физикалык жана психологиялык басым болбогонун, өз каалоосу менен көрсөтмө берип жатканын айткан.
Өзбекстандын башкы прокуратурасын 15 жыл башкарып, 2015-жылы апрелде кызматтан алынган 67 жаштагы Рашид Кадыров былтыр 22-февралда кармалган. Ал «опузалоо», «кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «пара алуу» беренелери менен айыпталууда.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив