Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Издөө
» » Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: "Атамбаевдин айткандары орунсуз"

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: "Атамбаевдин айткандары орунсуз"

11 апр 2019, 13:01    bishkek
Коомдук ишмер, Кыргызстандагы революциялардын сап башында турган Азимбек Бекназаров менен айрым маселелердин алкагында баарлаштык.
-Азимбек Анаркулович,  экс-президент Алмазбек Атамбаев эгер койгон талаптарыбыз аткарылбаса, эки айдан кийин митингге чыгабыз деди го? Анын бул сөзү  бийликти сестентүү үчүн айтылдыбы же азыр да бийликти олку-солку кылып коюуга  күчүм жетет деген таризде айттыбы?
-Менимче, Атамбаевди: “Сооронбай Жээнбековду сен алып келгенсиң, митингге чыгып туура кылып жатасың” деп колдогондор аз эле болот. Анткени, эл Атамбаевдин айтканына макул болуп, Сооронбай Жээнбековду колдоду. Ошондуктан, бүгүн  талаптарым аткарылбаса, митингге чыгам дегени орунсуз болуп калды. Мындай маселенин баарын мураскорду даярдап жатканда ойлонушу керек болчу.
Негизи Атамбаев 7 жыл бийликте турган мезгилинде апрель революциясынын максаттарын эсинен чыгарып,  элдин үмүттү актаган жок. Ошондой эле үй бүлөлүк башкаруу системасын түп тамырынан кырккан жок. Аны сындагандарды саясий куугунтукка алып, сөз эркиндигин чектөөгө аракет кылып, журналисттерге чейин миллиондогон сомдордон айып салды. Анын баарын эсинен чыгарып, эми Сооронбай Жээнбековдон аны, муну аткар болбосо митингге чыгам дегени колдоого татыбай турган иш болуп калды.  Чынында Сооронбай Жээнбеков Атамбаев салган жол менен кетип жатат. Ошон үчүн биз Апрель революциясынын максаттары ишке ашпаганын айтып, курултай өткөрүп, жогору жактын эсине салып,  талап кылып   жатабыз. 
-Атамбаев “7-апрель  мага экинчи өмүр берилген күн. Туулган күнүм”- деди  го...
-7-апрель Атамбаевдин менчиги эмес. Ал жеңишти жалгыз өзүнө энчилеп албайт. Аны жалпы элдик майрам катары кабылдашыбыз керек. Жеңиштин ээсимин дебей  революциянын башында турган, уюштурган адамдардыкы десе да ашыкча болмок эмес.  7-апрель Атамбаев менчиктеп, туулган кылып ала турган күн эмес.
 А балким экс-президент  ал күндү ошол кезде оппозицияга, БЭКке кошулганына сүйүнүп, туулган күнүм деп жаткандыр. Анткени, биз Атамбаевге эмес, ал БЭКке кошулган.  БЭКти Атамбаевсиз эле түзгөнбүз. БЭК 7-апрель боюнча жер-жерлерде  курултай өткөрүп, революцияны бекемдөө менин идеям болгон.  Чотонов, Шыкмаматов болуп,  Нарын шаарында Атамбаевсиз эле чечип,  күнүн аныктап келгенбиз. Таласка, Алайга, Аксыга барып ушул күнү эл чыгат колдойсуңарбы деп макулдашканбыз..   Болот Шерди Таласка, Бөдөш Мамырованы  Ошко, Чотоновдорду Аксыга жөнөткөм. Ошон үчүн Атамбаев  7-апрель күнү революция болоору кайда, качан чечилгенин билбейт. Бирок, Атамбаевдин революцияга  кошкон салымын,  эмгегин да жокко чыгара албайм. Ал абдан чоң роль ойногон. Көп тираждуу гезиттерди чыгартууда каражат маселесин көтөргөн.   Ошондой эле Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жер-жерлерге барган жол кирелерин, курултайды уюштуруу маселелеринде материалдык жактан чоң колдоо көрсөткөн. Бирок,  революцияны энчилеп алгыдай жүктү жалгыз тарткан эмес. Маселен, Сооронбай Жээнбековдор да революцияда  ошто жетишерлик колдоо көрсөтүшкөн. Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү да Атамбаевден ашса ашкан, кем калбаган жардам кылышкан. Ошон үчүн Атамбаевди  тарыхый процессти менчиктөөгө аракеттенгени, туулган күнүнө байлаганы орунсуз, уят иш болуп калды. Элдин жеңишин эч убакта эч ким менчиктей албайт. Анткени, аны жеке жасаган эмес. 24-мартты Бакиевдер кандай ээлеп алууга аракет кылса да, менчиктей албаган сыяктуу 7-апрелди  Атамбаев кандай аракет кылса да, эч качан менчиктей албайт.
-Силер региондорго кеткенде Атамбаев, Текебаев, Отунбаевалар эл менен беле?
- Биз регионго кеткенбиз. Атамбаев, Текебаев экөө тең үйүндө бекинип жатышкан. Отунбаеванын кайда жүргөнү белгисиз болчу. Эгер үчөө Бишкекте элдин башында болгондо кан төгүлүп, бөөдө балдар кырылбайт эле. Эгер Атамбаев ошондо элдин башында турганда ал не десе да макул болот элем.
-100 баланын өмүрүн алган революциянын жакшы жагы болдубу?
-Албетте, кемчилиги менен кошо  жакшы жагы да болду. Бакиевдин бийлиги кулады.  Бийлик тынчтык жол менен өтө баштады. Атамбаев  аргасы жок болсо да ызы-чуусу жок бийликти өткөрүп берип, эрдик кылды. Реваншисттер Акаев, Бакиевдер Кыргызстанга келе алган жок. Электр тарифи ордуна коюлду. Жакшыбы, жаманбы парламенттик система иштей баштады. Бул революциянын мактоого ала турган жакшы жагы  ийгиликтери.
Булак: Майдан.кжскачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив