Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » ЖОЛДОР ЖАНА ЖОРОЛОР

ЖОЛДОР ЖАНА ЖОРОЛОР

11 апр 2019, 11:11    bishkek
Жогорку Кенештин депутаты Канат Исаев азыр салынып жаткан Түндүк-Түштүк жолунан мамлекетке тийген зыяндын көлөмү 300 миллион доллар экенин айтты. Коркпой эле айтты, бирок ушундай көрүнүшкө 2015-жылы өзү көмөктөшкөн, себеби ошол кезде премьер-министр болгон Темир Сариевке “жол салган клмпанияны туура эмес тандадың” деп күнөө такты. Ошол дооматынын логикасы жок эле. Сариев эң арзан баага сала турган “Лонг Хай” деген кытайдын компаниясы менен келишим түзгөн. Эгемендүүлүктүн тарыхында мындай баа болгон эмес, ал Балыкчы-Корумду жолу. Бир километрине бөлүнгөн баасын башка жолго (формасы бирдей болгон жолдор) салыштырсак, минтип чыгат. “Чайна Роуд” деген кытай компаниянын баалары мына (4-полосалык жол). 1 километр өлчөмгө доллар менен эсептелинген. Пунктары боючн берели.
1. Бишкек - Балыкчы (реабилитация) - 1 миллион 535 тысяч долларов
2. Город - аэропорт «Манас» (реабилитация) - 2 миллиона долларов
3. Казарман - Жалал-Абад (альтернативная Север-Юг) - 2 млн 597 тысяч
4. Арал - Казарман (альтернативная Север-Юг) - 3 млн 112 тысяч
Күрдүңөрбү, 1 километри үчүн 1,5 миллион доллардан кем эмес. Эми так ушундай эле жолго «Лонг Хай» компаниясынын баасы башка. Мына.
Балыкчы - Тамчы - Корумду (реконструкция) - 747 тысяч долларов.
Бул компанияга чейин «Чайна Роуд» монополист болгон. Айырмасы чоң. Сариев түзгөн келишим эки эсе арзан, демек мамлекетке пайдалуу. Расчетторду адистер чыгарган(таблицалар бар). Бул мамлекет башкаруу ишиндеги жетишкендиктин (чеберчиликтин) белгиси. Ушундайга Сариев жеткиргенин кантип түшүнбөйсүң.
Мындай жетекчиге уюштурулган «атаканын» себеби да түшүнүктү болуп турат. Мамлекеттин казынасын колу туткактардан коргогону үчүн, жол салуу ишти коррупциялык схемадан тазалаганы үчүн муну мамлекеттик кызматтан сүрүп салышты. Сариевди ошондо жолдон чыгаруу керек эле. Чыгарышты. Эки «торпеданы» салышты - бири депутат, экинчиси ошол кездеги транспорт министри. Анан массалык каражаттын «пиары» менен шыбашты - биринчиден, Сариев «этникалык калмак экен», экинчиден, «кыргыздын душманы экен». Ушундай калпты элге жайышты. Провокация.
Биринчисин алсак, Темир Сариев солто уруусунун «чистокровный» урпагы экенин санжыра далилдеп турат (Тагай бийге 15 ата менен кошулат). Экинчисинен, кыргызга душман болгон адам кыргыз элинин казынасын «казнокраддардан» коргобойт. Салыштыруу керек десек, анда калмактын Жайсаны менен эмес, кытайдын реформатору Дэн Сяопин менен
салыштырсак таамай чыгат - бою боюнча да, иши боюнча да. Сариевдин пайдасын кантип көрбөйсүң, бул бир эпизод эмес, бул ьир мисал эмес, бул он чакты конкреттүү обүектилер. Бул кыргыз мамлекетине кайтарылган суу сактагычтар, жер үлүштөр, нефти курулуш, насостук станциялар, автотранспорттук колона, каналдар жана Ыссык-Көлдөгү төрт пансионаттар. Бардыгы 14 обьект. Ушул ишти бул бир жарым жылдын ичинде (2015-2016) аткарган. Буга чейин мындай кадамдын бирин дагы жетекчилерибиз жасаган эмес, тескерисинче, биздин жерлерибизди коңшу мамлекеттерге өткөрүп беришкен (Үзөнгүү-Кууш, Каркыра).
Обьектилерди кайтаруу бул өтө салмактуу натыйжа (көрсөң да, кармасаң да, пайдалансаң да болот). Анан дагы Сариевдин демилгеси менен Евразийский Экономический Союзга кирдик, ВВП деген көрсөткүч 4 % өстү, бюджеттин киреше жагы 23 миллиард сомго көбүйдү, чет элдик инвестициялар 216 % түздү, тендерлер электрондук форматка өттү. Ушундай жетишкендиктерди Атамбаевдин мыктылыгынан болбу десек, анда эмнеге Сариевге чейин жана Сариевден кийин мамлекетибиздин ахыбалы башкача болуп турду. Муну таблицадан даана көрсөк болот - Атамбаевдин 6-жылдык бийлигине туш келген түз инвестициялардын таблицасы мындай.
2012 год - 591 тысяча долларов (рост - 69 %)
2013 год - 965 тысяч долларов (рост 163 %)
2014 год - 724 тысячи долларов (рост 75 %)
2015 год - 1 миллион 673 тысячи долларов (рост 216 %)
2016 год - 814 тысяч долларов (52 %)
2017 год - 617 тысяч долларов (76 %)
Бир легендарлуу эсепчи айткандай, цифралар мээни «макоочулуктан» тазалайт. Ооба, тазалайт, бирок «шылуунчулуктан» тазалабайт экен. 2015-жыл (таблицаны караңыз) бул Сариевдин премьер-министр болгон жылы, бул өлкөбүзгө кошналардан бир топ обьектилерди кайтарган жыл, бул 1,5 миллион долларга түздөн-түз инвестиция алып келген жыл, бул 216 % өсүү. Атамбаевдин башка жылдарына салыштырсак эки эсеге көптүк кылат (таблицаны караңыз). Ушул бир жылдын (2015) көрсөткүчүнө жакынкы перспективада жетиш мүмкүн эмес, себеби мындайды ишке ашыра турган премьер-министр азыр жок. Мына статистиканын акыркы цифрасы - 2018-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча инвестициялык агым 247 миң далларды түздү (таблицага салыштырыңыз).
Темир Сариевдин ийгилиги калмак Жайсандын «таажысына» эмес, Манас баатырдын «шумкарына» татыктуу. Жетишкендиктери муну премьер-министирдин кабинетине кайра киргизүүгө негиз берип турат. Жасаган иштерин улап, тартылып кеткенди кайтарып, инвестицияны үч эсе көбөйтүп,
долдордун баасын эки эсе азайтып, мамлекеттин казынасын толтурсун десек, так ушундай кылыш керек. Логиканын кыймылы ушундай.
Азыркы президент С.Жээнбековго мыкты премьер-министр керек. Сапаттуу тандем болууга, өлкөнү өстүрүүгө, мамлекеттин ишин астыга жылдырууга керек. Т.Сариев ушуга жарайт экенин мезгилибиз өзү көрсөтүп турат. Жарык жолго жөндөмдүү жоро керек.
Кубан Мамбеталиев
Булак: Азияньюс
PS: Бирөөгө ор казба, өзүңө зындан!
Белгилей кетсек, Темир Сариев премьер-министр болуп турганда иш билгилиги, чечкиндүүлүгү жана реформаторлугу менен калың элдин колдоосуна арзый алган. Ага анын кылган реформалары, коңшу Өзбекстан менен талаштуу обьектилерди коркпостон өлкөнүн карамагына кайтарып алганы коомчулукта катуу колдоого алынган. Анын бул эмгеги парламентте да бааланып, депутаттар тарабынан алкоо сөздөр айтылган. Сариев өкмөттү жетектеп турганда Кыргызстандын экономикасын көтөрүүдө, айыл чарба, туризм секторлоруна жана өнөр жай тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, тиешелүү иштер башталган. Анын менен катар өлкөнүн аймактарындагы ички жолдорду оңдоо иштери жанданып, бир топ жолдор оңдолгон. Тилекке каршы “ит күлүгүн, түлкү сүйбөйт” демекчи, Сариевдин айбатынан чочуган бийлик, “кокуй Сариевдин рейтинги өсүп баратат” деген куру шылтоо менен, чочулоо менен ага карата жалган жалаа токулуп, бийликтин жүгүрүктөрү аркылуу каралоо камапаниясы күч алган. Анын алкагында Сариев иштен кетүүгө мажбур болгон. Эми ошол Сариевди кетирип, жыргап кетебиз деген Атамбаевдин акыбалы кандай күнгө туш болгонун көрүп атасыңар. “Бирөөгө ор казба, өзүңө зындан” деген кеп АШАнын өз башына келип олтурат. Баса, Сариев салган жол менен бийлик салган жолдорду салыштырып карасак, Сариевге миң мертебе ырахмат айткың келет дагы, бийликтин кадамдарына наалат айткың келет. Мисалы: Бишкек-Кара-Балта жолу үч жылдан бери салынып жатат. Эки жарым жыл болду башталганына. Бир чакырым жолу бир жарым миллион доллар. Сариев кеткенден кийин башташты. Ал эми Сариев баштаган Балыкчы-Корумду жолу ушундай эле төрт саптуу жол, ушундай эле 104 кө чейин көпүрө бар, айылдарды аралап өтөт, бир чакырым жолу 747 миң доллар. Эки эсе арзан болуп жатат. Түндүк-түштүк жолун салып жатат, бир чакырымы үч жарым миллион доллар, беш эсе кымбат. Мынакей коррупция кайда жатат? Андыктан, “Өз башындагы төөнү көрбөй, өзгөнүн башындагы чөптү көргөн” интриган бузукулардын ким экени эртеби-кечпи ачыкка чыгып калат. Ал үчүн ак жерден бирөөнү каралабай, өзүңдүн оброюңду арттыруу менен алпурушканыңар оң. Эгерде Сариев өкмөттөн кетпегенде “Балыкчы-Корумду” жолу убагында бүтүп, элге ыңгайлуулук жаратып калмак. Алсак, бүгүнкү күндө эң сапаттуу, эң тез салынган ошол жол болуп олтурат.

Сариев салган жол менен бийлик салган жолдогу айрымачылыктарды, сапаты, мөөнөтү жана баасы салыштырылган таблицаны сунуштайбыз:


скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив