Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Израилдеги парламенттик шайлоодо Нетаньяхунун партиясы алдыда келатат

Израилдеги парламенттик шайлоодо Нетаньяхунун партиясы алдыда келатат

10 апр 2019, 14:28    bishkek
Бюллетендердин 96 пайызы эсептелип бүткөндөн кийин Израилде өткөн парламенттик шайлоодо өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху жетектеген «Ликуд» партиясы алдыда келатат. Ал өлкө парламентинде 37 орунга ээ болору күтүлүүдө.Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Израилдин Башкы штабынын мурдагы башчысы Бени Ганц жетектеген «Кахоль-Лаван» оппозициялык блогу 36 мандат алат. Божомолдорго ылайык, «Ликуд» менен ага өнөктөш партиялар өлкө парламентиндеги 120 орундун 65ине ээ болот.
Болжолдуу маалыматтар добуш берүүгө шайлоочулардын 61 пайызы катышканын көрсөтүүдө. Бул 2015-жылы өткөн буга чейинки парламенттик шайоого салыштырмалуу кыйла төмөнкү көрсөткүч.
Нетаньяху Израиль өкмөтүн 2009-жылдан бери жетектеп келет. Ал өзүнө каршы кылмыш ишинин ачылганына карабастан салыштырмалуу жогорку популярдуулукту сактап келет. Нетаньяхуну АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы колдойт. Ак үйдүн сырткы саясаттагы негизги кадамдарынын арасында — АКШнын элчилигин Иерусалимге көчүрүү жана Голан дөңсөөсүн Израилдики катары таануу маселелери бар.
Израилдеги быйылкы шайлоо өнөктүгү талаш-тартыштар жана кескин билдирүүлөр менен коштолду. Анын жүрүшүндө өлкөнүн учурдагы премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну коррупцияга айыптаган сөздөр айтылган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив