Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Казакстан: Токаевдин чет өлкөдө иштегени шайлоого кедергисин тийгизбейт

Казакстан: Токаевдин чет өлкөдө иштегени шайлоого кедергисин тийгизбейт

10 апр 2019, 14:27    bishkek
Касым-Жомарт Токаевдин Женевада кызмат өтөгөнү анын президенттик шайлоого катышуусуна кедерги тийгизбейт. Бул тууралуу Казакстандын юстиция министринин орун басары Наталья Пан билдирди.
Пандын айтымында, Токаев Казакстандын тапшырмасы менен чет өлкөдө иштеген, шайлоого катыша алат.
Казакстандын азыркы президенти 2011-2013-жылдары БУУнун Женевадагы бөлүмүндө башкы катчынын орун басары болуп иштеген. Токаев Куралсыздандыруу боюнча конференциянын башкы катчысы кызматын да аркалаган. 2013-жылы 16-октябрда Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы болуп шайланган.
Конституция боюнча президент болуп соңку 15 жылда Казакстанда жашаган, мамлекеттик тилди билген, жогорку билимдүү, кырк жаштан кем эмес жарандар шайлана алат.
9-апрелде Казакстандын убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо быйыл 9-июнда өтөрүн жарыялаган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив