Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Казакстанда саламаттык сактоо тармагына бир триллион теңгеден ашык каражат бөлүндү

Казакстанда саламаттык сактоо тармагына бир триллион теңгеден ашык каражат бөлүндү

08 апр 2019, 15:39    bishkek
Казакстандын саламаттык сактоо тармагына бир триллион теңгеден ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу 7-апрелде өлкөнүн убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасы аркылуу билдирди.
«7-апрелде Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленүүдө. Быйыл ал саламаттык сактоо кызматтарын жайылтуу темасына арналган. Казакстанда республикалык бюджеттен саламаттык сактоо тармагына 1 триллион 180 миллиард теңге (3 миллиард 105 миң долларга жакын) бөлүнгөн. Бул жаатта көп иштер жасалууда. Бирок алар дагы жетишсиз», — деп жазды мамлекет башчы.Токаевдин айтымында, аймактарда дале болсо жөнөкөй эле медициналык кызматтарды алууда кыйынчылыктар бар.
Казакстанда 2018-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча жалпы практикадагы бир дарыгерге бекитилген калктын орточо саны 1 901 адамды түзгөн. Ошол эле маалда аймактарда мамлекеттин эсебинен бекер бериле турган дарылардын көлөмү кыскартылып жатканы байкалууда.
Мурдараак өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов «дары-дармектин жетишсиздиги — жыл сайын болуп турчу көйгөй экенин» билдирген.
«Фармацевтикалык компаниялар дарылардын баасын жогорулатып, бизге акча жетпей калууда. Мындай учурларда айрым бейтаптарды дары-дармектер менен камсыз кылууда чоң маселелер жаралып жатат. Мындай көрүнүш жыл сайын Казакстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө дагы болуп турат. Баалар жогорулагандан кийин бизде акчаны көбөйтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болбойт. Анткени жылына эки жолу карала турган бюджеттин суммасы алдын ала бекитилет», — деп билдирген министр.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив