Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Душанбеде кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр аяктады

Душанбеде кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр аяктады

08 апр 2019, 15:34    bishkek
6-апрель кечинде Душанбеде кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны аяктады.
Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен анын тажикстандык кесиптеши Азим Иброхим жетектеген эки өлкөнүн расмий делегацияларынын жолугушуусу жабык өтүп, ага маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок.
Жыйындан кийин Азим Иброхим чек ара меселелерин чечүүдө «бир аз жылыштар» бар экенин айтып, жолугушуу жакшы атмосферада өткөнүн белгиледи. Ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу журналисттерге кийинчерээк маалымат бериле турганын билдирип, башка комментарий берүүдөн баш тартты.
Өз кезегинде Жеңиш Разаков дагы тажик жеринде мейман экенин айтып, сүйлөшүүлөр боюнча комментарий берген жок.
13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны окко учканын, бир нече адам жабыркаганын кабарлаган. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.Эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин 18-мартта жаңжалдан соң жабылган Кыргызстандын Ош-Баткен-Исфана, Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жол ачылып, чырга себеп болгон Ак-Сай-Тамдык жолун куруу жөнүндө чечим кабыл алынган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив