Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Гүлнара Каримованын адвокаты өзбек кесиптештерин «үндөбөгөн» жактоочулар деп атады

Гүлнара Каримованын адвокаты өзбек кесиптештерин «үндөбөгөн» жактоочулар деп атады

08 апр 2019, 15:30    bishkek
Өзбекстандын маркум президентинин улуу кызы Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты Грегуар Манжа (Grégoire Mangeat) өзбек кесиптештери тууралуу пикирин билдирип, аларды «үндөбөгөн» адвокаттар деп атады.
«2016-жылы декабрда алгачкы жолу Гүлнара Каримова менен жолугууга уруксат беришкен. Ташкенттеги эки күндүк угуулар маалында Каримова тарабынан дайындалган өзбекстандык адвокаттар бир дагы жолу ооз ачышкан жок. Басым алдындагы үндөбөгөн адвокаттар. #Адилетсиз адилеттүүлүк», – деп жазды швейцариялык адвокат.Грегуар Манжа 1-апрелде «Твиттердеги» баракчасына Ташкенттин четиндеги аялдар абагында Гүлнара Каримова менен жолукканын жазган. 3-апрелде болсо өзбек бийлигине кайрылып, Каримованын калган жаза мөөнөтү кандай эсептелип жаткандыгы боюнча түшүндүрмө берүүнү өтүнгөнүн билдирди.
Күн мурун Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 1-2-апрель күндөрү швейцариялык адвокаттын Зангиата абагында камакта жаткан Гүлнара Каримова менен жолугуусуна уруксат берилгенин ырастады.Быйыл марттын башында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова үй камагынан жалпы режимдеги абакка которулганын билдирген. Мекеменин билдирүүсүндө «үй камагында Каримова сот тарабынан белгиленген эрежелерди бузгандыгына байланыштуу» жалпы режимдеги абакка которулганы жазылган.
2015-жылы Каримова Өзбекстандын телекоммуникациялык базарына кирүүнү каалаган компаниялардан миллиард долларга жакын пара алган деп айыпталып, ага каршы Швецияда, Швейцарияда жана АКШда кылмыш иштери козголгон.
Өзбекстанда болсо Каримова 53 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык кылмышка айыпталып, 2017-жылы декабрда 10 жылга эркинен ажыратылган. Анда ал салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, опузалоо жана оффшор компаниялардын документтерин жок кылуу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Кийинчерээк Ташкент облустук соту анын жаза мөөнөтүн 5 жылга кыскартып, үй камагына чыгарган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив