Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Кайрат Осмоналиев, профессор: “Билим берүү системасы коррупциялашып кетти. Кудайбердиеванын Кудайы ким?”

Кайрат Осмоналиев, профессор: “Билим берүү системасы коррупциялашып кетти. Кудайбердиеванын Кудайы ким?”

06 апр 2019, 12:24    bishkek
Россия президенти В.Путиндин келерин утурлай «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү – келечекке инвестиция» деген аталыштагы Кыргызстан жана Россия жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форуму өттү. Анда конокторду ката жазылган баннер менен тосуп алышты. Интернетте жарыяланган баннердин сүрөтү коомчулукта талкууга түштү. Мунусу аз келгенсил, министр Гүлмира Кудайбердиеванын «эки ката эч нерсе болбойт» деген жообу көпчүлүктүн сынына кабылды. Окуядан кийин министр айымдын отставкага кетишин талап кылгандар четтен чыгууда. Бирок, ал ордунан козголчудай түрү жок. Өкмөт тараптан да айтылган сындарга эч кандай реакция болбогондой…
– Кайрат мырза, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын дарегине сындар айтылып, анын кызматтан кетиши керектигин талап кылгандар чыгып жатат. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?
– Ооба, Кудайбердиева айымдын кызматтан кетишин талап кылуу менимче, өзгөчө өткөндөгү форумдан кийин курчуду. Албетте, билим берүү тармагындагы негизги форум өтүп жатса, килейген баннерди олуттуу ката менен илип коюшса, уят эле иш болду. Мен муну орус тилин билбегендик, сабатсыздык, же аткарган жумушуна шалаакылык менен мамиле кылуу катары кабыл алдым. Тармактын алдыга жылбай жатышы, министрдин улам-улам сөгүш алып жатышы – анын сабаттуу командасы жоктугунан кабар берет.
– Министрликтин буга чейин да мыйзам бузуулары аныкталган. Эмне себептен министрди кетирүү маселеси чечилбей жатат деп ойлойсуз?
– Башкы прокуратура билим берүү жана илим министрлигин текшерип, жаңы окуу китептерин даярдап, басып чыгарууда бир нече мыйзам бузуу аныкталганын билдирген. Андан кийин министр сөгүш алды. Быйыл да сөгүш алды. Мындан улам Кудайбердиева өзү чечим кабыл алыш керек го? Каалоосу, мүмкүнчүлүгү жок болсо, отставкага кетип калыш керек. Мындай кылса, логикага да дал келет. Же жакшыраак иштеп, жыйынтык көргөзбөйбү?
– «Билим берүү системасы өтө начар абалга кептелди» деген мисалдар арбын. Мындай абалды сиз эмнеден көрөсүз?
– Кайсы тармак болбосун, жетекчинин иш алып баруусунун концепциясы, рефома кылуу программасы болууга тийиш. Ал реформаны кантип ишке ашыра турганын, каржылоо булактарын көргөзөт. Ар бир министрликтин саясаты болот. Билим берүү жана илим министрлигинде ошондой саясат жок. «Иштей албай жатат» деп сындагандардын кеби орундуу. Кудайбердиеванын келгенине эки жылдан ашты. Одоно кемчиликтер системалык проблема болуп калды. Коррупциялашып кетишти. Чет элдик окуу жайларга абитуриенттерди жиберүүдө миллиондорду «сугунушат» экен. Мектептерде бүтүрүүчүлөр олчойгон акча чогултуп жатышат. Мунун баары мыйзамсыз иштер да. Өкмөт көрбөй, билбей жатат, же өздөрү «крышовать этип» жатат. Башка кандай болушу мүмкүн?
Маектешкен: Динар Турдугулова
Булак: «Азия ньюс»скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив