Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Атамбаевдин аптырмаларынан же Сох анклавына кыргыз тарап жер берген эмес

Атамбаевдин аптырмаларынан же Сох анклавына кыргыз тарап жер берген эмес

06 апр 2019, 11:38    bishkek
Көптөн бери эл алдында элирип сүйлөбөй зериккенби, же кадимки балп этмелиги кармадыбы, быйыл 17-мартта Форумдун алдында сүйлөгөн сөзүндө экс-президент Алмазбек Атамбаев Аксы районунун аймагындагы Үңкүр-Тоону Өзбекстанга берип коюшкан, ал эми Өзбекстандын Сох анклавына кыргыз тарап жер берген деген сыяктуу сɵздүн башын кыйытты. Айраң-таң калып биздин редакция бул боюнча тактоо максаты менен ɵкмɵткɵ кайрылсак жооп келди. Көрсө, иштин чыныгы чоо-жайы төмөндөгүчө экен.
2006-жылдын 13-23-сентябрында Ташкент шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезексиз отуруму болот. Анын жыйынтыгы боюнча №20-Протокол түзүлүп, ага эки мамлекеттин өкмөттүк делегацияларынын башчылары (кыргыз тараптан С. Аламанов, өзбек тараптан А. Абдуазизов) кол коюп, бекитишкен.
Ал Протоколго ылайык, кыргыз-өзбек тарап 2006-жылга чейин макулдашкан эки мамлекеттер ортосундагы мамлекеттик чек аранын 993,67 чакырымы юридикалык түрдө тастыкталган.
2006-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын мамлекет башчылары Биргелешкен билдирүүгө Ташкент шаарында кол коюшкан жана ошону менен аталган №20-Протокол тастыкталган.
Мына ошол тастыкталган документтин тиркемесинин баяндамасында Үңкүр-Тоо Өзбекстандын жеринде жайгашкан деп жазылган. Бирок ал жазуу Үңкүр-Тоо Өзбекстанга биротоло өтүп кетти дегенди билдирбейт.
Тескерисинче, азыркы кезде кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын эки тараптуу делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде Кемпир-Рават, Гасавай жер тилкелери менен бирге Үңкүр-Тоо да чечиле элек маселе катары турат. Сүйлөшүүлөр уланууда.
Ошол эле №20-Протоколдо кыргыз тарап Өзбекстандын Сох анклавын өзбек тараптын негизги территориясы менен бириктирүүгө жер берүүдөн баш тарткан. Ошол себептен өзбек тарап мурда макулдашылган Бүргөндү массивиндеги чек аранын 17,99 чакырымын кайра чакыртып алган.
Бирок 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө Келишимде аталган 17,99 чакырым чек ара камтылган.
Жогоруда айтылгандын негизинде, экс-президент Алмазбек Атамбаев айткан Өзбекстандын Сох анклавына кыргыз тарап жер берген деген сөзү чындыкка дал келбей турганына ынандык. Жарыктык киши эриккенде “апыртып” койгон окшобойбу...

Нургазы Айтмырзаев

Булак: "Де факто
"скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив