Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Парламент экс-президенттерди жоопкерчиликке тартууга уруксат берди

Парламент экс-президенттерди жоопкерчиликке тартууга уруксат берди

06 апр 2019, 02:03    bishkek
Жогорку Кеңеш экс-президенттерди кол тийбестик макамынан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда дээрлик бир добуштан кабыл алды.
Буга чейин Конституциялык палата «экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу азыркы президентке импичмент жарыялоо процедурасынан жеңил болбошу керек» деген сунуш берген.
«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Исхак Масалиев жана «Республика – Ата Журттан» Курманкул Зулушев иштеп чыгышкан. Парламент ошол мыйзам долбоорун былтыр декабрда биринчи окууда карап, көпчүлүк добуш менен колдоп берген.
Ал эми экинчи окууга келгенде долбоор олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон.
Исхак Масалиев кол тийбестик тууралуу беренени алып салуу жөнүндө сунуш киргизилгенин, бирок дал ошол берене алынмак тургай кайра күчөтүлгөнүн, ошондуктан баштапкы идея таптакыр өзгөргөнүн айтып, каршы добуш берерин билдирген.
Экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу маселе парламентте алгач 2018-жылы Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу талкуу учурунда көтөрүлгөн. Депутат Масалиев ЖЭБди модернизациялоого буга чейинки бийликтин түздөн-түз тиешеси бар экенин айтып чыккан. Ошондон тартып бул демилге Алмазбек Атамбаевге каршы багытталган аракет катары бааланып, коомчулукта кызуу талкууга негиз болгон.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив