Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Депутат «эшек бизнеси» боюнча маселе көтөрдү

Депутат «эшек бизнеси» боюнча маселе көтөрдү

04 апр 2019, 19:08    bishkek
Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров 4-апрелде парламенттин жалпы жыйынында «эшек бизнесине» байланыштуу маселе көтөрдү. Ал Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов «ушул бизнестин башында турат экен» деп билдирди.
Депутаттын айтымында, учурда Финансы полициясы буга байланыштуу ишти териштирип жатат:
- 22-январда бажычылар Кытай менен чек арадан аткезчилик жүк кармашкан. 27 миң ондатранын, 1570 эшектин териси чыккан. Ветеринардык кызмат «биз ачтык, көрдүк, 16 миң гана ондатранын териси бар экен» деп акт түзүп бериптир. Негизги суроо - 1570 эшектин эти каякта? Аны жок кылуу жөнүндө актылар жок. Ветеринардык кызматтын жетекчилиги кылмыш жообуна тартылышын талап кылам.
«Азаттык» радиосу депутаттын айткандары боюнча Ветеринардык жана фитосанитардык инспекцияга кайрылды. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Садырбекова:
- Инспекциянын директору импорт жана экспортко уруксат кагаздарына кол коет. Бирок ал «эшектин териси экспорттолсун» деген документке кол койгон эмес. Ал жерде ондатранын терисин алып чыгып кетүү боюнча уруксат кагазы. Бизде ушундай маалымат, - деп жооп берди.
2015-жылы Бишкекке жакын жердеги айылда эшек союлган касапкана табылып, эти баш калаадагы коомдук тамактануу жайларына жана эт базарларына чыгарылып тургандыгы маалымдалган. Бирок касапкана ээси эшектин эти чет өлкөлүк зоопарктарга жиберилерин айтып чыккан.
Ошол эле жылы Ошто жүздөн ашуун эшек багып жаткан кытай жарандары табылган.
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив