Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » ЖК экс-президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоорун карайт

ЖК экс-президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоорун карайт

04 апр 2019, 14:15    bishkek
4-апрелде Жогорку Кеңеш «КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун карайт. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Курманкул Зулушев жана Исхак Масалиев.
Мыйзам долбоору буга чейин парламенттин комитеттеринде талкууланган. Авторлор мыйзам кабыл алынып калса, ал бардык экс-президенттерге карата бирдей колдонула тургандыгын айтышууда. Ошондой эле экс-президенттер өз ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде кылмыш кылып, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган бардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат.
Аталган мыйзам долбоорун 13-февралда Жогорку Кеңеш экинчи окууда жактырган. Кийин Конституциялык палата менен Жогорку Кеңештин ортосунда документтеги беренелер боюнча талаш-тартыш чыккан.
Айрым юристтер бул мыйзам долбоору адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын чектөө менен Конституцияга карама-каршы келерин айтып чыгышкан. Алардын пикиринде, Баш мыйзамга ылайык саясий партиянын ишмердигине катышууну токтотуу иштеп жаткан президентке гана тийиштүү, экс-президентке бул чектөө тийиштүү эмес. Алар бул өзгөртүүлөр экс-президенттин саясий ишмердигин токтотууга багытталган деп эсептешет.
Эгемен Кыргызстандын 28 жылдык тарыхында өлкөнү башкарган беш президенттин экөөндө гана - Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевде экс-президент макамы бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев 2005 жана 2010-жылдардагы элдик козголоңдордон кийин өлкөдөн чыгып кетишкен.
"Азаттык"скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив