Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » АКШда шайлоого кийлигишкен өлкөлөргө санкция киргизүү тууралуу мыйзам долбоору даярдалды

АКШда шайлоого кийлигишкен өлкөлөргө санкция киргизүү тууралуу мыйзам долбоору даярдалды

04 апр 2019, 13:30    bishkek
Америкалык сенаторлор Крис Ван Холлен менен Марко Рубио АКШдагы шайлоолорго кийлигишкен өлкөлөргө санкция киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдап чыгышты.
Документке ылайык, АКШнын Улуттук чалгын кызматынын директору шайлоо өткөндөн кийин 60 күндүн ичинде добуш берүүгө сырттан кийлигишүү болгон-болбогондугу боюнча баяндама даярдап бериши керек. Эгер шайлоолорго башка өлкөлөрдүн кийлигишкени аныкталса, анда ал мамлекетке карата чектөөлөр киргизилет.
Мыйзам долбоорунда шайлоого Москва кийлигишсе, анда АКШда Орусиянын мамлекеттик баалуу кагаздары менен соодалашууга тыюу салуу сунушталган. Мындан тышкары буга чейин Кошмо Штаттардагы шайлоолорго кийлигишкендиги үчүн санкциялык тизмеге кирген адамдардын активдерин камакка алуу каралган.
Мыйзам долбоорунда сунушталган чектөөлөр Орусиянын банк секторун дагы камтыйт. Эгер мындай чектөөлөр Орусиянын кеминде эки банкына киргизилсе, анда Сбербанк, ВТБ Банк, Газпромбанк, Внешэкономбанк жана Россельхозбанк санкцияларга кабылышы мүмкүн.
Мындан тышкары документте мыйзам кабыл алынгандан кийин жарым жылдын ичинде, андан кийин ар эки жыл сайын Орусия президенти Владимир Путиндин менен өлкөнүн тышкы саясаты үчүн жооп бере турган башка адамдардын активдери жана алардын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматтарды чогултуп туруу сунушталууда.
Орусияга каршы алгачкы санкциялар Крымдын аннексиясы жана Украина чыгышындагы жаңжалдарга байланыштуу АКШ жана Европа биримдигине мүчө өлкөлөр тарабынан 2014-жылы киргизилген. 2018-жылы бул өлкөлөр Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишкендигине жана Сергей Скрипаль менен кызынын ууландырылышына байланыштуу Москвага каршы жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүндүгүн билдиришкен.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив