Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Асылбек Жээнбековдун партиядан чыгышы менен Атамбаев жана КСДП партиясынын бир капталы эңшерилди

Асылбек Жээнбековдун партиядан чыгышы менен Атамбаев жана КСДП партиясынын бир капталы эңшерилди

04 апр 2019, 11:55    bishkek
3-апрелдеги Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Асылбек Жээнбеков КСДП партиясынын мүчөлүгүнөн чыкканын расмий жарыялаган. Мындай кадамга баруусуна эмне себеп болгонун да толук түшүндүргөн. Кыскача айтканда, партия бир адамдын жеке компаниясындай болуп калганын, бир адамдын жана анын бир ууч тобунун коргоочусу болуп калганын билдирген.
Бул айтылган сөздөрдө калет жок эле. Себеби, азыркы таптагы КСДП партиясынын төрагасы А. Атамбаев өзүнүн алты жыл мамлекетти башкарып тургандагы жан-жөкөрлөрү менен жасаган коррупциялык иштери четинен ачыкка чыгып атканынан улам гана бүгүнкү бийликке каршы өзүн оппозиция атап алды. Анан дагы убагында өтө тездик менен карьералык өсүш жасашкандардын бүгүнкү күндө түрмөдө отурушканы да ага жакпай атат. Бирок, элибиз, жалпы кыргызстандыктар ири долбоорлордон жүздөгөн миллион долларларды кымырып калышкан коррупционерлердин мыйзам алдында жоопкерчилик тартып, жегендерин кусушун талап кылып турат.
Ошентип Асылбек Жээнбеков КСДПнын катарынан чыкканын жарыялаган эле күнү экс-президент А. Атамбаев өзү туулуп-өскөн Арашан айылына барып, жек-жааттарын, айылдаштарын топтоп алып аябай арыз-арманын айтты. Анан сөз арасында «КСДП Жээнбековдордон тазаланды. Экөө тең чыгып кетти» деп, учурдагы бийликти үй-бүлөлүк-кландык башкаруу жүргүзүп атат деп айыптады. Бирок, кайдагы үй-бүлөлүк-кландык башкаруу тууралуу сүйлөп атканын өзү деле анчейин түшүнө албады окшойт.
Биринчиден, КСДП Жээнбековдордон тазаланган жок, тескерисинче Жээнбековдор коррупционер, ууру, трайбалист, контрабандист Атамбаевдин диктатурасынан кутулду. Асылбек Жээнбеековдун партиядан чыгып кетиши КСДП үчүн өтө чоң жоготуу болгонун да белгилеп коюш керек. Себеби, аталган партиянын Ош облусунун аймагындагы кадыр-баркы дал ушул Асылбек Жээнбековдун координаторлугунун арты менен жогору болуп турган эле.
Муну экс-президент А. Атамбаев деле эң сонун түшүнүп турат. Эми анын партиясынын шайлоочулары кескин азайганын да баамдап турганын жашыра албаса керек. Болгону ал дагы деле жеке амбициясынын артынан чыныгы кырдаалды байкай албай турат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив