Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков 3-апрелдеги парламент отурумунда КСДП партиясынын катарынан чыкканын расмий жарыялады.
Буга чейин партияны жөндөп башкара албай калган Алмазбек Атамбаев аткан ар кандай келишпестиктердин баарын эле Асылбек Жээнбековдон көрүп келген болчу. Эми мындан ары А. Жээнбеков ал партиянын мүчөсү эмес, демек партиянын маселелерине таасир эте албайт.
Ошого карабастан экс-ажо А. Атамбаевдин маалыматчылары, «Форумдан» «азыктанып» аткандар «Асылбек Жээнбеков эми депутаттык мандатын тапшырып берсин» дегенге өтүштү.
Биринчиден, А. Жээнбековго депутаттык мандатты А. Атамбаев берген эмес. Ал элдин ишеними менен, шайлоочулардын добушу менен мандат алган.
Экинчиден, Конституцияда, мыйзамда «Партиядан чыккан адам депутаттык мандатын да тапшырышы керек» деген норма жок. Андыктан мыйзамдын алкагында сүйлөгөндү, мыйзамдын алкагында иш кылганды үйрөнүп алышса туура болот эле.