Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Сагынбаев, Коопсуздук кеңештин катчысы: Шадиев Кыргызстандан чыгып кеткен эмес

Сагынбаев, Коопсуздук кеңештин катчысы: Шадиев Кыргызстандан чыгып кеткен эмес

31 май 2018, 19:03    bishkek
Парламент депутаты Аскарбек Шадиев Кыргызстандан чыгып кеткен эмес. Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик чек ара кызматы Шадиевдин өлкө сыртына чыкпаганын расмий ырастады. «Эгер ал Кыргызстандан чыгып кеткен болсо, анда ага чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн кошумча айып тагылат», — деди Сагынбаев.

«Анын мүлкү камакта кала берет. Биз анын ишмердүүлүн жаппайбыз, ал киреше алып келүүсүн улантышы керек. Эгер Шадиевдин күнөөсү далилденсе, анын мүлкү мамлекетке өтүп, өлкөгө киреше алып келүү үчүн иштейт», — деди Коопсуздук кеңештин катчысы.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы үчүн былтыр Жогорку Кеңештен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы быйыл жыл башында ачыкка чыккан. Буга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, аны УКМКга өткөрүп берген. Натыйжада парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров камакка алынган.
Акча кымырылып кеткен маалда комитетти Аскарбек Шадиев башкарып турган.

Мурдагы энергетика министри, экс-биринчи-вице-премьер-министр, азыркы депутат Аскарбек Шадиев февраль айынан бери эле күбө катары сурак берип жүргөн. Башкы прокуратура Аскарбек Шадиевге 28-апрелде кылмыш ишин козгогон. Мунун алдында анын жардамчысы Шадиев дарыланыш үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив