Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Президенттин катуу талабы жарандардын даттанууларын ийнине жеткире иликтетүүдө 

Президенттин катуу талабы жарандардын даттанууларын ийнине жеткире иликтетүүдө 

31 май 2018, 14:18    bishkek
31-майда Бишкек шаарындагы маалымат агенттиктеринин биринде Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйынын өткөрдүн. Анда президент С. Жээнбековдун 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөш күчөтүлө турганын жана ошол коррупция менен күрөшө турган көзөмөл, укук коргоо жана сот органдарынын өзүндө коррупция күчөп кеткенин кескин сынга алганынан бери карай мамлекет башчысынын дарегине келген арыздар, билдирүүлөрдүн саны дагы да арбып кеткенин билдирди.
Анын айтымында февраль айынан тарта май айы ичин кошуп эсептегенде жалпысынан 500дөн ашуун даттануулар келген. Алардын 400ү президенттин жана катчылыктын көзөмөлүндө турат. «Баардык даттануулар негизинен үч структурага багытталды: Башкы прокуратура, УКМК жана Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматына. Президенттин талаптарынын катаалдашканын эске алуу менен даттануулар жана арыздар ийнине жеткире каралууда, ошондон улам көзөмөл жана укук коргоо органдары тараптан бузуу фактылары табылууда. Жыйынтыгында тергөөчүлөр кылмыш жоопкерчилигине тартылууда», - дейт ал. 
Мындан сырткары, ал 1-июлдан тарта КР Коопсуздук кеңеши мамлекеттик кызматкерлердин киреше жана чыгаша декларацияларын текшерүү баштала турганын да билдирди.
«Эгерде киреше бөлүгү менен чыгым бөлүгүнөн дал келбөөчүлүк табылса, материалдар юридикалык баа берүү үчүн Баш прокуратурага берилет», - дейт Дамир Сагынбаев.
Жогорку мамлекеттик кызматтагыларды жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын декларациясын салык кызматынын борбордук аппараты текшерет.
«Биринчи жыйынтыктар августь айынын аягы, сентябрдын баш ченинде пайда болушу керек. Текшерүүнүн жыйынтыгында кылмыш иштери да козголушу мүмкүн», - дейт ал.
Маалымат жыйынында журналисттер тарабынан берилген суроолорго жооп берип жатып, Д. Сагынбаев коррупцияга каршы кампаниянын жүрүшүндө эч кандай тандоо дагы, саясат дагы жана коомдук-саясий дестабилдүүлүктүн тобокелчиликтери жок экенин билдирди.
«Кылмыш жоопкерчилигине кандайдыр бир кылмышты жасаганы боюнча түз далилдери бар гана адамдар тартылууда», - дейт Д. Сагынбаев.
Ушул эле маалымат жыйынында кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү эскирип кала турганы боюнча түшүнүктү такыр алып салуу маселеси да карала турганын билдирди.
«Сооронбай Шарипович Соттук реформа боюнча кеңештин отурумунда жакынкы убакытта кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жарактуу мөөнөттүн өтүп кетиши жөнүндөгү түшүнүктү такыр алып салуу маселеси карала тургандыгын билдирди. Бул эмнени билдирет? Эгер адам өзүнүн күнөөсүн мойнуна албай жана мамлекетке келтирилген материалдык чыгымды толугу менен төлөп бербесе анда ал адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбайт. Албетте коррупция беренеси менен жүрүп жаткан бардык иштерде мөөнөтүнүн өтүп кетиши болбойт», - деди ал.
Демек, президент С. Жээнбековдун саясий эрки менен коррупцияга каршы күрөш күчөтүлгөн тартибинен жазбай турганын, ким коррупцияга малынса, ал сөзсүз мыйзам алдында жооп бере турганын түшүнө берсек болот.
 скачать dle 12.0
Гость Jeakage от 13 февраля 2019 06:48
Medicaments Cialis 20 Mg Levitra Surdosage Viagra Comment Ca Marche cialis prices Cialis Hipertension Buy Doxycycline No Prescription Online Can I Order Synthroid Over The Internet
Generic Priligy Dapoxetine 60mg viagra Pharmacie En Ligne Levitra Which Pharmacy Sells Cheapest Cialis Free Viagra Sample Before Buying
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив