Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Трамп орус аскерлерин Венесуэладан чыгарууга чакырды

Трамп орус аскерлерин Венесуэладан чыгарууга чакырды

28 мар 2019, 12:43    bishkek
АКШ президенти Доналд Трамп Орусияны Венесуэладан аскерлерин чыгарууга чакырды. Эгер жоокерлер Венесуэладан кетпесе, аларды чыгаруу үчүн "бардык мүмкүнчүлүктөр" бар деп эскертти.
27-мартта Ак үйдө Венесуэла оппозициясынын лидери Хуан Гуайдонун жубайы Фабиана Росалес менен жолугушууда Трамп "Орусия кетүүгө тийиш" деп билдирди.
Жүздөй орусиялык аскер түшкөн эки учак 23-мартта Венесуэланын борбору Каракаска конгон. АКШ орусиялык аскерлердин курамында спецназ жана кибер коопсуздук боюнча эксперттер да бар экенин маалымдаган.
Доналд Трамп жана вице-президент Майк Пенс Росалес менен Гуайдого колдоо көрсөтүү үчүн жолугушкан.
Майк Пенс журналисттерге «АКШ Орусиянын аскердик учактарынын Венесуэлага барышын жагымсыз провокация катары кабыл алды. Биз Орусияны Николас Мадурону колдоону токтотуп, Хуан Гуайдону жана өлкө элинин эркиндигин колдоого чакырабыз" деп айтты.
Венесуэлада азыр кош бийлик өкүм сүрүп жатат. Армиянын жетекчилиги президент Николас Мадурону колдойт. Өзүн президент деп жарыялаган парламент спикери, оппозиция лидери Хуан Гуайдонун бийлигин АКШ, Канада, Евробиримдик баш болгон ондогон мамлекеттер тааныган. Орусия, Кытай жана башка бир катар өлкөлөр Николас Мадурону мыйзамдуупрезидент деп эсептешет.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив