Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Трамп Кыргызстан менен келишим түзүлүшүн күтүп жатканын билдирди

Трамп Кыргызстан менен келишим түзүлүшүн күтүп жатканын билдирди

22 мар 2019, 19:12    bishkek
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп кыргызстандыктарды жана президент Сооронбай Жээнбековду Нооруз майрамы менен куттуктап, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча келишимдин түзүлүшүн күтүп жатканын билдирди.
«Биздин эки өлкөбүздүн ортосундагы 27 жылдык өнөктөштүгүбүз бай кызматташтык салттарына ээ. Келечекте кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн тереңдетиш үчүн AKШ менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык тууралуу келишимдин ийгиликтүү түзүлүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатам», - деп айтылат Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев буга чейин «Азаттыкка» Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда кызматташтык тууралуу жаңы келишимдин долбоорун талкуулаш үчүн Бишкекке америкалык эксперттер келерин айткан.
Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.
Бул документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.
Жаңы келишим даярдалып жатканын 14-мартта элчилер менен жыйында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков да билдирген.

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив