Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » УКМКнын резонанс жараткан иштери: Бишкек ТЭЦиндеги авариядан 9 миң сомдук көчөттөргө чейин

УКМКнын резонанс жараткан иштери: Бишкек ТЭЦиндеги авариядан 9 миң сомдук көчөттөргө чейин

29 май 2018, 18:10    bishkek
Бишкек ТЭЦинде болуп өткөн авария көптөгөн коррупциялык кыңыр иштердин ачылышынын башаты болуп калды окшойт. Себеби, дал ошол окуядан кийин эле УКМК резонанс жараткан бир нече кылмыш иштерин козгоду. Алардын негизинде мурдагы жана иштеп аткан жогорку кызматтардагы чиновниктер камакка алынып, айрымдары суракка чакырыла баштады.
Кече 28-майда Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин көз кырына мэрия 9090 сомдон сатып алган көчөттөр урунду.

Бишкек ТЭЦи, камакка алуулар, сурактар

Башкы прокуратура төрт кылмыш ишин козгоду, экөө – Бишкек ТЭЦинин авариясы боюнча, экөө – анын модернизацияланышы боюнча. Аларды УКМК иликтөөдө.
Биринчи кезекте «Электрдик станциялар» ААКсынын генералдык директорунун мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев камакка алынды. Анын артынан ушул эле ААКнын техникалык директору Алмаз Жусупбеков темир тор артына барды. Ал мурдараак Бишкек ТЭЦиндеги котлоагрегаттардын оңдолушу боюнча козголгон кылмыш иши боюнча барган.
УКМК Бишкек ТЭЦинин, «Электрдик станциялар» ААКнын, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКсынын айрым кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси боюнча (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарынан аша чабуусу) дагы бир кылмыш ишин козгоду. Аны өзүнчө өндүрүшкө бөлүштү.
Андан кийин «Электрдик станциялардын» генералдык директору Узак Кыдырбаевди, Бишкек ТЭЦин модернизациялоону башкаруу боюнча топтун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалды.
Андан кийин Энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Аны менен кошо айыпталуучулар катары Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри, «Электрдик станциялар» ААКсынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов жана анын орун басары Жолдошбек Назаровдор жооп берүүдө. Алар дагы камакта. Бишкек ТЭЦинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кетти. 

К. Кулматовдун мектеп курулушундагы кыңыры

Бишкектин экс-мэри К. Кулматов «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушу боюнча кылмыш ишине тартылды. Иликтөө 2017-жылдын сентябрында Башкы прокуратура тарабынан башталган. Тергөөнү УКМК жүргүзүүдө. К. Кулматов сыртка чыкпоо тил каты менен жүрөт. Анын мүлктөрү камакка алынды.
Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча К. Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турганда эки мектепти куруу үчүн ТВЕА кытай компаниясынан келген 2 млн доллар грантты мыйзамсыз пайдаланган.

Айтматов атындагы сыйлыктын жоголушу

Жогорку Кеңеш КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын катчылыгына которушу керек болгон 30 миң доллардын (Ч. Айтматов атындагы сыйлык) изинин жоголушу боюнча ишти учурда УКМК иликтөөдө. Февраль айында эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча парламенттик комитеттин башчысы Арсен Закиров кармалган.
Тергөөнүн версиясы боюнча бул акчаны ага беришкен, бирок аны которуу боюнча буйрукка мурдагы биринчи-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев кол койгон. Ага карата Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Ага карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып коюулууда.
Болгону фигурант кайда кеткени белгисиз. Парламентте Аскарбек Шадиев Кыргызстандан чыгып кеткени айтылууда. УКМК аны чек арадан өткөн эмес деп билдирди. Бирок, бул ведомство Аскарбек Шадиевди суракка алышканбы, ага айыа коюлганбы, кандайдыр бир баш коргоо чарасы көрүлгөнбү аныктап айта элек.

Ипподром. Экинчи номурдагы жаңжал

УКМКнын АКСи жана Эсептөө палатасы экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн Бостериде курулган ипподромдун курулушунун чыгымдарынын канчалык негиздүү экендигин текшерүүдө.
УКМК генералдык подрядчикти аныктоодо «Мамлекеттик сатып алуулар боюнча» жана «Шаар куруу жана архитектура боюнча» мыйзамдарды бузуу көп болгонун белгилейт. Алар менен келишимди долбоордук-сметалык документтери жана мамлекеттик экспертиза жок эле түзүшкөн. Жыйынтыгында чыгымдар 480 млн сомдон 1 млрд 584 млн сомго өсчүп кеткен.

Кыскача айтканда…

Жогорудагылардан сырткары УКМК кошулган баага салыкты (НДС) кайтаруу боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен териштирүү жүргүзүүдө. Бул комиссия жеке компанияларга НДСти кайтаруу боюнча мыйзамсыз чечимдерди кабыл алган экен. Анын негизинде мамлекетке 847,4 млн сом зыян келген. Бул иштин алкагында Салык кызматынын 5 кызматкери кармалган. Кийинчерээк Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары К. Кумашов кармалып УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.
Мындан тышкары Бишкек мэриясы тарабынан 9090 сомдон чет мамлекеттен сатылып алынган көчөттөр боюнча да кылмыш иши козголду. Бул көчөттөрдү сатып алуу үчүн бюджеттен 60 млн сом сарпталган экен.
Ал эми Тарых музейин реконструкциялоодо коррупция жойлоп кеткенин жашырууга болбой калды. Мамлекеттик курулуштун маалыматы боюнча музей үчүн эмерек сатып алууга 890 млн сом, ички жасалгасын жасоого 690 млн сом бөлүнгөн. Мындан башка дагы толтура нааразычылык жарата турган жагдайлар бар. Азырынча кылмыш иши козголо элек. Бирок, багыт ошол жакка баратканы билинип калды.
Айтор, С. Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден берки кыска убакыт аралыгында бир топ коррупциялык иштердин бети ачылды. Эгерде мамлекет башчысынын саясий эрки болбогондо мындай резонанс жараткан иштер козголбойт эле.  

maalymat.kgскачать dle 12.0
Гость Jeakage от 17 февраля 2019 02:57
Amoxicillin Treatment Generique Cytotec Zithromax Good For Uti viagra Cialis En Ligne Pas Cher Cephalexin Without A Prescription
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив