Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри: «Баардык ишканалардын техникаларын жаңылап берүү эң башкы максатыбыз...”
Шамиль Атаханов думал, что заключение под стражу – это путевка на курорт?
Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири
Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жолдонду
Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясый илимдердин доктору, профессор, экс-депутат: “Мелистин сыртта жүргөнү Кыргызстанга аброй алып келбейт”
Приятная новость для фемеров: сняты ограничения на ввоз сельхозпродукции
Кулматов менен Ибраимов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган
Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан придает первостепенное значение вопросам дальнейшего углубления региональной интеграции в рамках ОДКБ
Эрктүүлүгү менен эл ишенимине ээ болгон президент жана кызматтан чегинген башкы чекист
Турсунбек Акун: "Батукаевди чыгаруунун башында Атамбаев өзү туруп, Данияр Нарынбаев көзөмөл кылган"
Азимбек Бекназаров: "Саясатта Матраимов “ноль”, жок адам"
Сооронбай Жээнбеков: Наша экологически чистая агропродукция конкурентоспособна на международном рынке
Издөө
» » Кудрет Тайчабаров ЛГБТ менен Баткен маселесинин ток этээрин айтты

Кудрет Тайчабаров ЛГБТ менен Баткен маселесинин ток этээрин айтты

14 мар 2019, 15:52    bishkek
Жаман көрүнсөм да чындыкты айтып жүргөн адам катары учурдагы көйгөйлүү маселелерди кыскача болгонун болгондой санап өтөйүн:
1) Баткендеги чек араны дайыма тажиктер уюштурат. Ворухка барып келгенде маселени өз көзүм менен көрүп түшүнгөнмүн. Кыргызстан Тажикстанга кирип чыкпай өз алдынча жол салып алса, тажиктерге кыйын болот. Ошол себептен жол салынышына каршы чыгып ушул чыр улам чыгып турат.
2) ЛГБТлардын парадын чынында мэрия билген эмес. Алар өз оюнда аялдардын жүрүшү болот деп жакшы ой менен эле уруксат беришкен. Бул жерде НПОлор жеген акчаларына отчет бериш үчүн колдонуп кетишти. Деги эле Кыргызстанда Афганистан, Ирандагыдай аял кишини кордогон салт-санаа, окуялар жок. Кыргыздын жашоосу ошондой, келин кул сыяктуу көрүнөт башкаларга. А келин өзү ошол милдеттери үчүн бактылуу эле. Маршка чыккандардын көбү күйөөгө тийе албай же жакшы аял боло албай ажырашып кетип күнөөнү башкадан издеген феминисттер. Кээ бир адамдар гана активист катары чын эле аялдарды коргош керек деген ой менен барып алып, арасында беркиндейлер бар экенин байкабай калган. 
3) Көп саясатчылар гейпарад жөнүндө унчукпаганы эртең сыртка чыга албай калбайлы деген ой менен тилин тиштеп отурганы чын. Саясый башпаанек сураса да бербей коёт дегендер да бар арасында. Мусабекова менен Тазабектер Кыргызстандан кетпешин билип ушул маселени козгоп отурушат.
4) Ушу ЛГБТларды талкуулочу тема кылып биз инвесторлорду келгис кылып атабыз. Өнүккөн өлкөлөр аларды көзгө илбей эле жашай беришет. Бокту чапкан сайын сасыйт деген кыргыз макалын эстеп койсо жетиштүү.
5) Көпчүлүк билбей жатат, Улуттук банк күч менен доллардын курсун кармайм деп дотацияда отурат. Кокус ал ишин токтотсо доллар көтөрүлүп кетип, өлкөдө экономикалык хаос башталат.
6) Парламенттик шайлоонун гонкасы башталды. Мурунку шайлоодо көбүрөөк добуш алгандарды ары бери тартышып соодалашып атышат. Бийликтин бизнесмендерди эмес, Жанар Акаевге окшогон жаштардан куралган күчтүү партия алып келебиз деген сыяктуу планы жүрөк жылытат. 
7) Бензиндин литринен 10 сомдон пайда көрүп аткандардын башы Ак үйдө отурат. Так что арзандабайт.
Сегиз) Баардык митинг, нааразычылык, бийликти жаман көрсөтүүчү акцияларды бир миллионер тоонун түбүндө отуруп каржылап атат... 
9) Садыр Жапаров чыгат. Аны күнөөсүз кармап отурган азыркыларга эч кандай аброй алып келбейт.
10) Элдин жарымы ойгонду, эмки шайлоодо пулу бар, башы бош галдирлардин парламентке келиши кыйын болот. Эмки парламентте акчасы жок акылы, тили менен өткөн Жанарлар көбүрөөк болот. Аны бийлик да, партиялар да түшүндү.
11) Соцсеттерде жалданма троль болуп иштеген командалар бар. Пулун төлөсөң шайтанды да мактап, ангелди да каралап беришет. Эгерде бир учурда бир нече жактан каралоо же мактоо кеткен болсо, анда ошолорго команда келиптир деп кабыл алып, ал маалыматка ишенбегиле.
12) Дача-Суудагы кырсык болбогондо контробанда билинбей калмак, ТЭЦ жарылбаганда ал жактагы былык иш билинбей калмак. Ошол сыңары, менин досум Асланайым кырсыктабаганда ал жактагы бүдөмүк иш элдин көңүлүн бурмак эмес. Азыр Сауд аравиясында жүргөн кыргыздар 1 байдын тоюн өткөргөнү эле барышты. Эч кандай дүйнөлүк фестиваль же эл аралык иш чара жок ал жакта. Баарыңардын тааныштарыңар жүрөт, эфирлерин, сүрөттөрүн карасаңар арабдар менен эле кыргыздар. Таң калган туристтер. 90 улуттун "Т"сы жок. Бирөөнүн чөнтөгүн кампайтып, кыргыз маданияты менен арабдын чөлүнө турист тартып берип атабыз. Ал эми "на халяву уксус сладкий" деп биздикилер ит бекер жер көргөнү кетип калышты. Алардын үстүнөн бирөө чөнтөк кампайтып атканын бөркүңөрдөй көргүлө. Англисче жакшы билгендер, маалыматты казып көрсөңөр, эч кандай дүйнөлүк иш чара өтпөй эле турат...
Кудрет Тайчабаров, NazarNews.kgскачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив