Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
Издөө
» » Ташкентте мурдагы дипломат тыңчылыкка айыпталып кармалды

Ташкентте мурдагы дипломат тыңчылыкка айыпталып кармалды

13 мар 2019, 15:36    bishkek
Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) жогорку кызматтагы мурдагы аткаминери Кодиржон Юсупов атайын кызмат тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылууга айыпталуууда.
Юсуповдун туугандарынын айтымында, акыркы жылдары психикалык жактан ооруп жүргөн 67 жаштагы экс-чиновник былтыр декабрда поезддин алдына секирип, өз жанын кыюуга аракет кылган. Башынан жаракат алып ооруканага жаткырылган Юсупов анда оорусу кармап, «батыштын тыңчысы» экенин айта баштаган. Кийин бул көрсөтмөлөрдүн негизинде Улуттук коопсуздук кызматы (УКК) ага каршы «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Учурда ал УККнын тергөө абагында камакта жатат. Туугандарынын айтымында, алар ошондон бери анын саламаттыгы тууралуу эч кандай маалымат ала албай келишет.
Юсуповдун үй-бүлөсү анын укуктарынын камсыздалышына көңүл буруу өтүнүчү менен эл аралык уюмдарга кайрылышты.

УКК тергөөчүсү Юсупов дагы эки ай камакта болуп, андан соң анын иши сотко өткөрүлө турганын билдирди. Эгер ал бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса он жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Юсупов Өзбекстандын Австриядагы, Улуу Британиядагы жана Жакыңкы Чыгыштагы элчиликтеринде, ошондой эле өлкөнүн БУУ жана ЕККУдагы туруктуу өкүлчүлүктөрүндө иштеген. 2002-2005-жылдары ТИМдин басма сөз кызматын жетектеген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив