Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
Издөө
» » Гүлнара Каримованын кызы апасынын үй камагындагы жашоосу жөнүндө айтып берди

Гүлнара Каримованын кызы апасынын үй камагындагы жашоосу жөнүндө айтып берди

13 мар 2019, 15:35    bishkek
Британиянын The Guardian басылмасы Өзбекстандын туңгуч президентинин небереси, Гүлнара Каримованын кызы Иман Каримованын интервьюсун жарыялады. Анда ал апасы жана анын үй камагындагы жашоосу тууралуу айтып берген.20 жаштагы Иман Каримова билдиргендей, ал 2014-жылы Улуу Британиядагы Брайтон колледжинде окуп жүргөндө Ташкентке каникулга келип, өзбек укук коргоо органдары тарабынан апасынын кармалганына күбө болгон.
«Үйгө атайын даярдыктагы милиция бөлүмүнүн кызматкерлери келип, баарыбызды сыртка чыгарышты. Үйдөгү бардык документтерди, апам экөөбүздүн электрондук түзмөктөрүбүздү алып коюшту. Бизди үйдөн чыгарбай кайтарып турушту. Апам таятам менен сүйлөшүүгө аракет кылган, бирок ага мүмкүнчүлүк беришкен жок», — деп билдирген Иман Каримова.
Анын айтымында, бул окуядан кийин ал бир жарым жыл Британияга кете албай, апасы жана үй кызматкерлери менен Ташкенттин сыртында үй камагында кармалып турушкан. Гүлнара Каримованын жардамчысы, 30 жаштагы Валентин аттуу келин үйүнө барып, балдары менен көрүшө албагандыктан, уксус ичип, өз жанын кыйган.
Учурда Иман Каримова Улуу Британиядагы эң престиждүү окуу жайлардын бири эсептелген Лондон экономикалык мектебинде билим алууда.
Мындан тышкары The Guardian Гүлнара Каримованын көптөгөн жылдардан бери Лондондо жашап жүргөн 26 жаштагы уулу Ислам Каримов менен дагы маек уюштурган. Каримов анда апасына оор айыптар тагылганын айтып, анын соту Өзбекстандын сыртында өтүшүн каалай турганын айткан.
«Апамдын сотун Швейцарияда өткөрсө болот. Азыр аны инсан катары толук жок кылуу аракети болуп жатат. Азыркы бийлик апам учурдагы элита өкүлдөрүнүн көбүнүн экономикалык кылмыштарын ачыкка чыгарышы мүмкүн деп коркуп жатат», — деп билдирген Каримов.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив