Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
Издөө
» » Президент Дүйнөлүк банктан колдоо сурады

Президент Дүйнөлүк банктан колдоо сурады

13 мар 2019, 15:28    bishkek
Президент Сооронбай Жээнбеков 12-мартта Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Лилия Бурунчукту кабыл алды.
Президенттик аппарат кабарлагандай, тараптар мамлекеттик сатып алуу системасын реформалоо, аймактык инфраструктураны өнүктүрүү, мамлекеттин турмушуна санариптик технологияларды киргизүү, өлкө калкын иче турган таза суу менен камсыз кылуу, өлкөнүн финансы секторун жакшыртуу, ошондой эле энергетиканы өнүктүрүү маселелери боюнча кызматташтыктын өңүттөрүн талкуулашты.
Мамлекет башчы Кыргызстандын Дүйнөлүк банк менен 2019-2022-жылдарга карата өнөктөштүк программасынын алкагында аймактарды өнүктүрүү маселелери артыкчылыктуу багыт катары аныкталганын белгиледи.
«Биздин өлкө үчүн стратегиялык максаттарды жана алдыдагы реформаларды ишке ашырууда Дүйнөлүк банктын колдоосу абдан маанилүү», - деди Сооронбай Жээнбеков жолугушууда.
Лилия Бурунчук тараптардын кызматташтык программасында аймактарды өнүктүрүүгө артыкчылык берилерин айтты.
«Дүйнөлүк банк өнөктөштүктүн жаңы стратегиясынын алкагында Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү боюнча жаңы долбоор даярдап жатат. Биринчи баскычта биз республиканын Ош жана Баткен облустарын өнүктүрүүнү көңүл борборунда кармасак деген ниеттебиз. Долбоор маселелердин комплексин чечүүгө, тактап айтканда, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын арттырууга, санариптештирүүгө, калкты суу менен камсыз кылуу, жолдорду жана инфраструктураны жакшыртуу маселелерин чечүүгө багытталат. Экинчи этапта долбоор өлкөнүн калган аймактарын камтыйт», - деди Бурунчук.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив