Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
Издөө
» » Британ парламенти Тереза Мэйдин брекзит келишимин четке какты

Британ парламенти Тереза Мэйдин брекзит келишимин четке какты

13 мар 2019, 09:23    bishkek
Британ парламентинде брекзит боюнча кезектеги добуш берүү өттү. Тереза Мэй сунуштаган келишим өтпөй калды: документке 391 депутат “каршы”, 242си “макул” деген добушун берди. Бул тууралуу BBC билдирди.13-мартта депутаттар Евробиримдиктен келишимсиз чыгуу керекпи деген маселени чечишет. Көпчүлүк депутаттар бул вариантка каршы. Эгер алар мындай сценарийден баш тартышса, 14-мартта брекзитти кийинкиге жылдыруу боюнча документке добуш беришет.
11-мартта Страсбургда өткөн жолугушууда Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен Еврокомиссиянын башчысы Жан-Клод Юнкер Британиянын Еврошаркеттен чыгуусу боюнча келишимге өзгөртүү киргизишкен. Тараптар падышалыктын курамындагы Түндүк Ирландия менен биримдиктин курамындагы Ирландиянын ортосундагы чек арада көзөмөлдү жок кылууну макулдашкан.
Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер бул толуктоолор соңку сунуш экенин белгилеп, «ушул келишим кабыл алынат же Брекзит таптакыр болбойт» деп эскерткен.
Буга чейин Мэй макулдашуунун долбоору колдоо таппаса, 29-мартта шаркеттен келишимсиз чыгууну же Брекзиттин мөөнөтүн июнга калтырууну сунуш кыларын билдирген.
Бирок Лондон Лиссабон келишиминин 50-беренесине таянуу менен Евробиримдиктен брекзитти кийинкиге жылдырууну сурашы мүмкүн. Мындай учурда бир чечимге келүү үчүн убакыт пайда болот.
***
585 беттен турган келишимде Британия менен Евробиримдиктин брекзиттен кийинки өз ара мамилелеринин принциптери камтылган. Документти сындагандардын пикиринде, келишимдин шарты боюнча Британия ЕБнын мүчөсү болбосо да, анын бир катар эрежелерине баш ийген “көз каранды” мамлекетке айланат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив