Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Издөө
» » Башкы прокурор: "Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган насыядан кутулуу үчүн электр энергиянын баасын көтөрүүгө туура келет"

Башкы прокурор: "Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган насыядан кутулуу үчүн электр энергиянын баасын көтөрүүгө туура келет"

14 фев 2019, 13:43    bishkek
0 комментарий   
"Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган насыядан кутулуу үчүн электр энергиянын баасын көтөрүүгө туура келет", - деп бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди. Анын айтымында, ЖЭБдин эски жабдыктарынын 90 пайызын алмаштырып, капиталдык оңдоп-түзөөгө 50 миллион доллар сарптаса болот эле. "2013-жылы шашылыш, кыска мөөнөттө ЖЭБ модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу тууралуу келишим түзүүдө экономикалык жана техникалык эсептер алдын ала кылдат, терең изилденген эмес. Бул кылмыштын артында тургандар аны ачык айтпастан кылмыш ишин жашырып, өз иштерин эрдик катары көрсөтүүдө. Алар авария Бишкек ЖЭБинин эски бөлүгүндө болду деп актанып жатышат. Бул билдирүүнү курулай популизм дегенден башка кандай бааласа болот? Модернизация туура, сапаттуу жасалган болсо ошол жылдагы кыштай эмес, түндүк аймактардагыдай суук болсо да эч нерсе болбойт эле. Экономика жагын карасак, карызга алынган 386 миллион доллардын эффективдүү пайдаланышы маселе болуп турат. Бишкек ЖЭБинде өндүрүлгөн электр энергиянын өз наркы 2 сом 90 тыйын, сатуу наркы 70 тыйын. Карыздан кутулуу үчүн электр энергияга болгон тарифти көтөрүү керек болот. Бул жарандарга материалдык жактан түйшүк алып келет", - дейт ал.
Булак: Super.kgскачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;