Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Издөө
» » ТЭЦтеги авариянын чыныгы себеби жана чыгымы так айтылды

ТЭЦтеги авариянын чыныгы себеби жана чыгымы так айтылды

14 фев 2019, 13:18    bishkek
0 комментарий   
Өткүрбек Жамшитов тергөөнүн жүрүшүндө Бишкек ТЭЦиндеги авария эмнеден улам чыкканы да аныкталганын айтты.
2018-жылдын 26-январында Бишкек ТЭЦинде болгон авариядан "Бишкекжылуулуктармактары" ААКы менен "Электр станциялары" ААКына жалпысынан 89 миллион 699 миң 230 сом зыян келген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
Учурда Жогорку Кеңеш Бишкек ТЭЦинде болгон авариянын себептеринин иликтениши жана оңдоого кеткен 386 миллион доллар боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.Ал ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө Бишкек ТЭЦиндеги авария эмнеден улам чыкканы да аныкталганын айтты.
Алардын бири — "Электр станциялары" менен "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" кызматкерлери 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык иштерин жетиштүү деңгээлде өткөргөн эмес.
"Бишкек ТЭЦинин кышка даяр эместигин, тактап айтканда, цехтердин чатыры жана терезелери жок экенин билип туруп ал кемчиликтерди атайын жашырышкан. Мындан сырткары, күз-кыш жылытуу мезгилинде Бишкек ТЭЦинин сууну химиялык тазалоо жабдыктарынын 1-катарын демонтаж кылуу боюнча туура эмес чечим кабыл алынган. Жыйынтыгында жабдыктар максималдуу чыңалган учурда химиялык тузсуздандырылган суунун көлөмү жетишсиз болуп калган", — деди ал.
Жамшитов соттук-курулуш-техникалык жана технологиялык комплекстик комиссиянын экспертизасы авариянын себептерин аныктаганын айтты. Ага ылайык:
  • имарат жана техникалык жабдыктар күз-кыш мезгилине даяр болгон эмес;
  • химиялык сууну тазалоо жабдыгы түздөн-түз күз-кыш мезгилинен өтүү учурунда демонтаждалган;
  • ТЭЦтин техникалык-оперативдик кызматкерлери тарабынан катачылыктар менен шалаакылыктарга жол берилген.
  • Булак: Спутник 
скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;