КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдиргендей, Мусакеев УКМКнын тогузунчу башкармалыгын жетектеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.
“Кечээ кечинде Биринчи май райондук соту бөгөт коюу чарасын карап, башка жакка кетпөө жөнүндө кол кат алуу чечимин чыгарды. Ал УКМКнын тогузунчу кызматын жетектеп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп эч негизсиз эле шектелүүдө. Кылмыш иши мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери арасында кызматтык турак-жайды бөлүштүрүү тууралуу болуп жатат”, – дейт Жолдубаева.
Анын айтымында, Мусакеевдин тушунда бир дагы кызматтык батир менчиктелген эмес.
“Демек, мамлекетке эч кандай материалдык зыян болгон жок. Биздин юристтер Дамир Мусакеевге коюлуп жаткан айып юридикалык жактан алып караганда келечексиз экенин айтууда”, – дейт Жолдубаева.
Ал Дамир Мусакеевдин ишинде саясий өңүт бар деп эсептейт.
“Көрүнөп эле калды, экс-президентти сатпай, форумдан кетпей Алмазбек Атамбаевдин жанында калган адамдардын баарын жок кылуу буйрутмасы иш жүзүнө ашып жатат”, – дейт Кундуз Жолдубаева.
Атамбаев жакында Бириккен Араб Эмираттарына эс алууга барганда да Дамир Мусакеев аны коштоп жүргөн.
Дамир Мусакеев УКМКнын төрагасынын орун басары рангында тогузунчу башкармалыктын башчысы болуп 2016-жылы дайындалган. Тогузунчу кызмат жогорку мамлекеттик кызматкерлерди жана мамлекеттик страгиялык объектилерди кайтарат. Мусакеев 2018-жылы Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин иштен кеткен.
Булак: Калыс.медиа
