Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Назарбаев: шайлоону эрте өткөрбөйбүз

Назарбаев: шайлоону эрте өткөрбөйбүз

08 фев 2019, 12:36    bishkek
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 2020-жылга белгиленген президенттик шайлоону жылдырып, мөөнөтүнөн мурда өткөрүү планы жок экенин билдирди.
5-февралда Акордонун басма сөз кызматы жарыялаган видеодо Нурсултан Назарбаев анын Конституциялык кеңешке кайрылуусу кадыресе көрүнүш экенин айтып, мунун тегерегинде ызы-чуу кылбоого чакырган:
- Баш мыйзам кабыл алынган 1995-жылдан бери Конситутциялык кеңешке 220 кайрылуу түшкөн. Анын ичинде менин да 22 кайрылуум бар. Бул кадыресе көрүнүш. Менден буга чейин кандай шартта президент өз ыктыяры менен кызматтан кетерин сурашкан, анткени бул биздин Конституцияда белгиленген эмес. Бул маселе башка мамлекеттердин баш мыйзамдарында чечмеленген. Ошондуктан мен Конситуциялык кеңешти ушуну түшүндүрүп берүүгө чакырдым.
Казак президенти баарын шайлоо кызыктырып жатканын кошумчалап, Баш мыйзам менен таанышып чыгууга үндөдү.
- Ооба, президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого укугу бар, бирок азырынча бизге анын кереги жок, - деп аяктайт Назарбаев өз видеокайрылуусун.


Нурсултан Назарбаев президенттин ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча Казакстан Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин үчүнчү пунктун расмий чечмелеп бериш үчүн 4-февралда сөз болуп жаткан кеңешке кайрылган.
Баш мыйзамдын бул жобосунда «президенттин ыйгарым укуктары жаңы шайланган президент кызматка киришкенде токтойт, ошондой эле эгерде президент мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе же президент өз ыктыяры менен кызматтан баш тартса жана көзү өтсө токтойт. Республиканын бардык мурдагы президенттери, өзүлөрү бийликтен баш тарткандарынан башкасы Казакстан Республикасынын экс-президенти макамына ээ болушат» деп жазылган.
Мыйзамга ылайык, Конституциялык кеңеш кайрылуу түшкөндөн кийин бир ай ичинде ага жооп бериши керек. Бул мөөнөт ошондой эле президенттин талабы менен он күнгө чейин да кыскартылышы мүмкүн. Сөз болуп жаткан кайрылуудан кийин коомчулукта ар кандай жоромолдор пайда болуп, айрымдар «мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыяланарын» боолголошкон. Саясат таануучу Амиржан Косанов мамлекет башчысынын кайрылуусун мындайча чечмелеген:
Саясат таануучу Амиржан Косанов. 11-ноябрь, 2016-жыл.
Саясат таануучу Амиржан Косанов. 11-ноябрь, 2016-жыл.
- Эгер бул көз каранды эмес, өз алдынча чечим кабыл алган Конституциялык кеңеш болсо анда маселе башкача каралмак. Азыркы Кеңеш президент каалаган чечимди кабыл алары белгилүү. Андыктан бул кайрылуунун эч кандай мааниси жок.
Амиржан Косановдун пикиринде, бул кайрылуунун артында үч себеп бар:
- Биринчиси – биологиялык себеп, - дейт ал. - Бул президенттин жаш курагы жана саламаттыгы. Экинчиси - кландар арасындагы күрөштүн курчушу жана президентке баш ийбегендердин таасири сезилип баратканы. Коррупциянын, социалдык жана экономикалык кыйынчылыктардын күч алышы. Мындай чечимдин кабыл алынышына өлкөдө болгон трагедиялуу окуяларга саясий өңүт бериле баштаганы да түрткү болуп жатат. Үчүнчүдөн, Казакстандагы бийликтин форматына көз салган Орусиянын таасири дагы эле күчтүү.
Мурдараак айрымдар Нурсултан Назарбаев кийинки шайлоого катышуудан баш тартып, Конституцияда бекитилген өзүнүн «биринчи президент - улут көсөмү» макамын колдонорун да болжолдошкон.
Баш мыйзамдагы «улут көсөмү» тууралуу беренеге ылайык, Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектей алат.
Нурсултан Назарбаев. Москва, 1981-жыл.
Нурсултан Назарбаев. Москва, 1981-жыл.
78 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстандын башында турганына дээрлик отуз жыл болду. Ал бийликке СССР тараганча эле келген. Расмий маалыматтарга караганда, 2015-жылдагы президенттик шайлоодо ал 97 пайыз добуш алып, бешинчи жолу шайланган. Казак журналисттери менен 2018-жылы болгон маегинде Назарбаев «Казакстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү планы жок» экенин айткан. Ал эми былтыр Финляндиядагы сапарында журналисттердин «2020-жылы шайлоого катышасызбы?» деген суроосуна жооп берип жатып ал убакыт дагы бар экенин , өз чечимин кийинчерек жарыялай турганын айткан.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив