Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Алты жылдыктын алгачкы алты айы 

Алты жылдыктын алгачкы алты айы 

24 май 2018, 15:50    bishkek


Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматына киришкени туура алты айдын жүзү толду. Албетте, алты айда өтө чоң өзгөрүүлөрдү жасап, маселелердин баарын чечип салуу реалдуу иш эмес. Бирок, ошентсе да жарым жыл ичинде кандайдыр бир жаңы кадамдарга, өзгөрүүлөргө карата жасалчу иштердин башаты билинип калат. Президент С. Жээнбековдун мамлекеттик эң жогорку кызматын аркалап келаткан алгачкы алты айында да көзгө көрүнөөрлүк алдыга ташталган кадамдар болду. Эмесе, мына ушул жарым жылдыкка кыскача анализ жүргүзүп көрөлү.
Тышкы саясат: карым-катышты чыңдоо
С. Жээнбеков президенттик кызматка кирише электе эле коңшулаш Казакстан менен болгон мамиле бир топ салкындап, кыргыз-казак чек арасы жабылып турган болчу. Анын айынан өлкөбүздөгү бир топ ишкерлер зыян тартып, карапайым жарандар кыйналып турган эле. Андыктан С. Жээнбеков үчүн мына ушул маселени оң жагына чечүү президенттик кызматына киришкендеги олуттуу таштай турган кадамдарынын бири болчу.
Президент өзүнүн алгачкы үч айын коңшулаш өлкөлөр менен мамилелерди бекемдөөгө арнады. Президент катары биринчи сапарын Сооронбай Жээнбеков Москвага жасады, андан ары Минскиге барды. Ал жактан Казакстандын президенти Н. Назарбаев менен олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Натыйжада кыргыз-казак чек арасындагы конфликт толугу менен жөнгө салынып, тараптар эки тараптын тең кызыкчылыгын камтыган чечимге келишти.
С. Жээнбековдун биринчи расмий сапары коңшулаш Өзбекстанга жасалды. Бул сапардын натыйжасы менен акыркы айларда жылуу тартып бараткан эки өлкөнүн достук жана кызматташтык мамилелери дагы да чыңдалды. Талаш жаратып келаткан чек ара маселелерин чечүү маселеси талкууланды.
Андан соң Н. Назарбаевдин чакыруусу менен Казакстанга сапар жасады. Ошондон кийин эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер биротоло калыбына келди. 
2017-жылдын акыркы күндөрүндө Россия президенти В. Путин КМШ өлкөлөрүнүн баардык башчыларын бейформал жолугушууга чогултту. Ал эми үстүбүздөгү жылдын февраль айында С. Жээнбеков Тажикстан президенти Э. Рахмондун чакыруусу менен Душанбеге барды.
Ал жактагы жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн эң негизгиси – чек араларды делимитациялоо маселеси болду. Азырынча конкреттүү чечимдер кабыл алына элек, бирок жумушчу топтору сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүүдө.
Апрель айында президентсүйлөшүүлөрдүн эл аралык деңгээлине чыгып, Түркия жана Бельгияга сапар алды. Түркиялык кесиптеши Реджеп Тайип Эрдоган менен болгон сүйлөшүүсү тет-а-тет форматында болуп жана ал бир жарым саатка созулду.
Евросоюз институттары КР президентин кубанычта кабыл алышты. Еврокомиссиянын башчысы Жан-Клод Юнкер Кыргызстанды улуу мамлекет деп атап жана өлкөбүздү өз көзү менен көрүүнү кыялдана турганын билдирди.

Эми С. Жээнбеков ШКУ отурумунун алкагында Кытайга сапар жасаары күтүлүүдө. Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа бул сапар жумушчу сапарына караганда алдаканча жогору боло турганын, С. Жээнбековдун келишине кытай тарап катуу даярданып атканын билдирди. 
 Коррупцияга каршы күрөштө достук да, туугандык да мамиле мамлекеттик кызыкчылыктан өйдө турбайт
Бишкек ТЭЦинде болуп өткөн авариядан кийин аны модернизациялоого жумшалган 386 млн доллардын (Кытайдан келген) максаттуу жумшалганы да күмөн жаратты. Андыктан бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, анын корутундусу да талкууланды. ТЭЦти модернизациялоо боюнча териштирүүлөрдөн кийин депутаттар Кытай Эл Республикасынын көмөгү менен жүзөгө ашкан башка долбоорлорду да текшерүү керек экендигин айтып чыгышты.
ТЭЦ боюнча коррупция беренеси менен кылмыш иши козголду. Модернизациялоо боюнча келишимди кимдер түзгөн болсо, алардын баары кылмышка шектүү болууда. Көптөгөн чиновниктер креслосунан ажырады, айрымдары болсо камакка алынды.
С. Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштүн күчөтүлө турганын, ал күрөштө эч кимге айоо болбостугун билдирди. 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент УКМК, Башкы прокуратура, сот, ИИМдин ишмердүүлүгүн катуу сынга алды. Козголгон кылмыш иштеринин үчтөн бир бөлүгү гана араң сотко жете турганын айтты.
Анын айтымында УКМК акыркы 2 жылда эки миң кылмыш ишин козгогон. Анын болгону 29%ы гана сотко жеткен. Ал эми сот болсо УКМКнын тергөөчүлөрү айыптагандардын жарымысын актап жиберген. Ошол эле жыйында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын ишин да катуу сынга алган.
Ошондон көп өтпөй эле УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын директору Д. Чоткараев кызматынан кол жууган. Анын арты менен Коррупцияга каршы кызматта 20дан ашуун кызматкер кызматтарынан бошогон. Андан көп өтпөй УКМКнын бардык жетекчилиги кызматтарынан кетти, ошондон кийин кадрдык алмаштыруулар башталды.
Мындай кадрдык алмаштырууларды жалпы коомчулук да колдоого алды. Себеби, коррупцияга өздөрү малынып калган чиновниктерден коррупцияга каршы күрөштү күтүүгө болбойт эле.
Соттор акыйкат болушу керек
Президент С. Жээнбеков сот реформасын жүзөгө ашырууга да катуу киришкени байкалды. Ал өзүнө келип жаткан карапайым жарандардын каттарынын 70%ы соттордун коррупциялашып кеткени тууралуу болуп атканын билдирди. Ал акыркы жылдарда көптөгөн кодекстер, мыйзамдар кабыл алынганын, бирок алардын ишке кириши жай болуп атканын айтты.
Ошондой эле президент мөөнөттүн эскиргенине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу туура эмес экенин, буга көңүл бөлүп, өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгын баса белгиледи. Сот реформасын жүзөгө ашырууга саясий эрк бар экенин, каражат да табыла турганын билдирген президент эң башкы максат – соттук-укуктук реформаны алдыга жылдыруу, соттордун акыйкаттуулугуна жетишүү, жарандардын укугун коргоону камсыздоо экенин билдирди.
Айтор, алгачкы алты айда президент С. Жээнбеков өтө күжүрмөн иштей аларын көрсөттү. Ал жумуш ордунда таңкы саат 8:00го чейин эле келип калып жатканын да коомчулук байкады. Эгерде ушул темп сакталып, алдыга коюлган пландар ырааттуу аткарыла турган болсо, анда алты жылдык мөөнөттө өтө чоң иштер аткарыларынан күмөн жок.
 
скачать dle 12.0
Гость Jeakage от 18 февраля 2019 04:51
Clindamycin Keflex priligy in sri lanka Cialis Doses Kamagra Jelly 100mg
Prix Viagra 100mg Pfizer Cialis Prix En Pharmacie En France cialis vs viagra Propecia E Infertilidad Venta Mutuabile Vendita Propecia Mezclar Viagra Y Alcohol
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив