Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
Издөө
» » Жанар Акаев: мени менен жең ичинен сүйлөшүп алуу мүмкүн эмес

Жанар Акаев: мени менен жең ичинен сүйлөшүп алуу мүмкүн эмес

14 янв 2019, 16:38    bishkek
“Саясатчылардын баары билет, мени менен сүйлөшүп, жең ичинен келишим түзүп алуу бул мүмкүн эмес”, -деп билдирди ЖК депутаты Жанар Акаев “Эркиндик” сайтына берген интервьюсунда. 
Жанар Акаев ал жетектеп жаткан “Демилге” кыймылы Асылбек Жээнбековдун долбоору деген сөз чындыкка да келбей турганын жана бул ушак экенин айткан.
“Асылбек Жээнбеков менен сый мамиледебиз, бирок алар менен жакындап, саясий максаттарына жардам берип же ошолордун бир долбоору болуп иштеп атат деген сөздөр такыр туура эмес. Анткени мени бийлиги да, оппозициясы да баары билет. Мен дайыма элдин гана пикирин айтам. Мени эч ким өз кызыкчылыгына пайдалана албашын далилдеп келе жатам. Асылбек Жээнбеков мени чакырып, чогуу пландар болгон эмес. Мен ал киши менен акыркы 3-4 айдан бери жолугуп сүйлөшө элекмин. Биздин адамдык түз мамилебиз бар, көз карашыбыз жакшы, бирок саясий максаттар тууралуу сүйлөшүү болгон эмес. Анткени саясатчылардын баары билет, мени менен сүйлөшүп алуу, жең ичинен келишим түзүп алуу мүмкүн эмес. Туура эмес болуп атса, мен дайыма аны айтам, эл буга нааразы деп. Эгер туура иш болуп атса, биз аны колдошубуз керек деп эле айтам. Ошондуктан Асылбек Жээнбеков менен сүйлөшүп алыптыр деген сөздөр чындыкка коошпойт“,-деди Жанар Акаев.
Эл өкүлү саятка келгенден кийин түрдүү ушактар көбөйүшүн белгилеп, бирок мындай көрүнүштөргө турушутук бериш керек дейт.
Сизди бирөө бир нерсе деп койду, сизди ушинтип болжоп атыптыр деген сөздөрдөн корксоң, анда үйдө бала карап жатыш керек. Саясатка келгенден кийин коркпой, ар кандай ушак-айыңдарга туруштук берип, өзүңдүн чындыгыңды далилдеп жашаш керек“,-деп кошумчалаган эл өкүлү.
Жанар Акаевдин “Демилге” кыймылы буга чейин Орусияда жана Баткенде, Бишкекте жаштар үчүн дем берүүчү, спорттук, маданий иш чараларды өткөргөн.
Депутат бул кыймыл саясий максатты көздөбөй турганын айтып келет.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив