Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Издөө
» » Эми автоунааны катуу айдай берсе болобу? Жаңы мыйзамдын чоо-жайы

Эми автоунааны катуу айдай берсе болобу? Жаңы мыйзамдын чоо-жайы

11 янв 2019, 17:20    bishkek
Жаңы эрежелер боюнча ылдамдык чегин бузган айдоочулар кандай айыпка жыгылат? Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстеги жол кыймылына тийиштүү бөлүмдөр эмнеге баш адаштырары туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.
2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекс күчүнө кирди. Анын айрым беренелери жарандарда көп суроо, түмөн түшүнбөстүктөрдү жаратты, кеп тек гана айып пул жана түкүрүү жөнүндө эмес.
"Айдоочу тарабынан жол кыймылынын эрежелеринин бузулушу" боюнча 123-берене коомчулуктун көңүлүн бурду. Анын биринчи бөлүмүнө ылайык, белгиленген чектен (мисалы, калктуу конуштун аймагынан саатына 60 чакырым ылдамдык менен өтүү керек) 20 чакырым ылдамдыкка катуу айдоого (саатына 81 чакырым болуп кетсе) 1000 сом, юридикалык тараптар үчүн ушундай эле эреже бузууга 5 миң сом айып пул салынат. Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чеги бузулса, жеке жактар 7,5 миң сом, ал эми юридикалык тарап 23 миң сомго айыпка жыгылат.20 чакырымга чейинки ылдамдык чегин бузган айдоочулар жазаланабы? Бул соболдорго Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы таптакыр эки башка жооп алды.
Жогоруда аталган берене бийликтин аткаруу органдарында мындайча чечмеленет:
"123-беренеде 20 жана 40 чакырымдан жогорку ылдамдык чегин бузуулар боюнча ар биринин айып пулу өлчөнгөн. Ал эми 20 чакырымдан аз ылдамдык чегин бузуу боюнча эч нерсе деп айтылган эмес, демек, аны эреже бузуу деп айтууга негиз жок", — деп билдирет биздин булак.
Сот тармагында мыйзам чыгарууну киргизүүгө байкоо салуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү Ирина Летова 20 чакырымга чейинки ылдамдык чегин бузууга да айып каралган деп түшүндүрөт.
"Мындай аракеттер жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын бузуу" катары 127-беренеде камтылган", — деди ал.
Аталган берененин биринчи бөлүмүнүн текстинде мындайча жазылган: "Жол кыймылынын эрежелеринин аталган кодексте айтылгандардан тышкаркы талаптарынын бузулушунда эскертүү же биринчи категориядагы айып пул салынат".
Бул беренеге ылайык, 20 чакырымга чейинки ылдамдык чегин бузууда жеке жактар миң сом, ал эми юридикалык тараптар 5 миң сом айып тартат.
Sputnik Кыргызстандын маалымат булагы белгилегендей, Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекске түшүндүрмөлөр жок."Мыйзамдын ар бир бөлүмүнө автоинспекторлордун иш механизмин сүрөттөгөн комментарий болушу керек. Жумушчу топ түшүндүрмө берүүгө тийиш", — деп белгиледи ал.
Ирина Летова Жол кыймылынын эрежелерине (ЖКЭ) тиешелүү беренелердин маанисинин чечмелениши эмнеге байланыштуу экендигин түшүндүрүп берди.
"ЖКЭ боюнча так эместиктер убактылуу. Кийинчерээк бардык бөлүмдөр ийне-жибине чейин чечмеленип жазылат. "Коопсуз шаар" долбоорунун киргизилиши менен Жогорку Кеңеш тийиштүү түзөтүүлөрдү биринчи окууда кабыл алган", — деди ал.
Адис түзөтүүлөр мыйзамга киргизилгенче 20 чакырымга чейинки ылдамдык чегин бузуу "ЖКЭнин башка талаптарын бузуу" беренеси боюнча караларын белгиледи.
Жаңы кодекске ылайык, башка мыйзам бузуулар үчүн кыргызстандыктар кандай жазага тартылары туурасында бул макаладан окуңуздар. 
Булак: Спутник

скачать dle 12.0
Гость Jeakage от 20 февраля 2019 18:26
Viagra Ca Sale Isotretinoin Cheap Legally Mastercard Accepted Amoxicillin 250 5ml cialis 5 mg best price usa Vigra Online Cialis Non Ha Fatto Effetto Buy Cheap Online Prescription Viagra
Гость Jeakage от 11 марта 2019 04:38
Cialis 20 Mg Sale Generic Deltasone Online buy levitra on line Buy Lasix Without A Prescription Baclofene Italie
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив