Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Издөө
» » Трамп АКШда өзгөчө абал жарыялашы мүмкүн экенин айтты

Трамп АКШда өзгөчө абал жарыялашы мүмкүн экенин айтты

11 янв 2019, 16:43    bishkek
АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика менен чек арага дубал тургузуу маселеси боюнча Конгресстеги демократтар менен мунаса табылбаса, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялашы мүмкүндүгүн билдирди.
Ал мындай сөзүн 10-январда Мексика менен чек арадагы Мак-Аллен шаарчасына барган учурда айтып, мыйзамсыз миграция жана аткезчиликти токтотуу үчүн дубал керек экенин кайрадан эскертти.

"Биздин улуттук өзгөчө абал жарыялаганга толук укубуз бар. Бул - коопсуздук маселеси. Бул - улуттук деңгээлдеги чукул кырдаал",-деди Трамп.

АКШ президенти Техаска бараардан эки күн мурда америкалыктарга кайрылуу жасап, мыйзамсыз миграциянын айынан өлкөнүн түштүгүндөгү чек арасында гуманитардык жана коопсуздук кризиси өкүм сүрүп жатканын айткан. Ал дубал курууга керектүү 5,7 миллиард долларды бөлүүгө каршылык билдирген Конгресстеги демократтарды сындаган.

Дубал маселесине байланыштуу карама-каршылыктан улам бюджет бекитилбей, федералдык өкмөт 20 күндөн бери жарым-жартылай гана иштеп жатат. 800 миңдей федералдык кызматкерлерге айлык төлөнө элек.

АКШда өзгөчө абал жарыяланса, дубал курууга сарптала турган каражат үчүн Конгресстин макулдугун алууга зарылчылык калбайт.

Конгресстеги Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси баштаган демократтар Трампты чек арадагы кырдаалды көбүртүп-жабыртып жатат деп айыпташууда.скачать dle 12.0
Гость Jeakage от 12 марта 2019 02:52
Amoxicillin Clavulanic Acid Dogs Viaga Viagra 100 Achat viagra Acheter Viagra Geneve
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив