Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Издөө
» » Президентке караштуу комиссия Текебаевге ырайым берүүдөн баш тартты

Президентке караштуу комиссия Текебаевге ырайым берүүдөн баш тартты

11 янв 2019, 11:22    bishkek
0 комментарий   
Президент аппаратындагы ырайым берүү маселесин караган тиешелүү комиссия Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна аталган комиссиянын катчысы Кырккелди Кыдырбаев билдирди.
Ал мындай чечимди Текебаев өзү арыз жазбаганы үчүн кароого негиз жана предмет жок экендиги менен түшүндүрдү.
25-декабрда экс-президент Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып ал мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген.
Отунбаеванын бул кайрылуусун Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери да бир добуштан колдошкон. Айрым юристтер болсо "Текебаев ырайым сурап президентке өзү кайрылышы керек" деген пикирин айтышкан. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева маселе президенттик аппаратта каралып жатканын билдирген болчу.
“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде "Коррупция" беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген.
Кийин Маевский өзү Орусияда "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деп айыпталып камалды. Жакында анын басма сөз катчысы Максим Букин да камалганы маалым болду.
Булак: Азаттык скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;