Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Икрамжан Илмияновдун сыртка чыгып кетишинин сыры эмнеде?

Икрамжан Илмияновдун сыртка чыгып кетишинин сыры эмнеде?

17 май 2018, 11:00    bishkek
0 комментарий   
Буга чейин маалымат булактарында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы шоопуру, кийинки “вазири” Икрамжан Илмияновдун чет өлкөлөрдүн бирине качып кеткени тууралуу ММК булактары жазып чыгышкан. Анан андан кийин КСДП партиясынын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева “И. Илмиянов кичи ажылыкка Умрага кетти, ал кайра кайтып келет” деген маанидеги билдирүү таратты.

Албетте, азырынча өлкөбүздүн экс-“башкы шоопуру” кайтып келеби же жокпу белгисиз. Бирок, белгилүү жагдайлар бар. Буга чейин биз коомдук ишмер, экс-депутат Рустам Маманов жана ишкер Рустам Воинов экөөнүн УКМК кызматкерлери тарабынан камакка алынганын билгенбиз. Алар кытай ишкерлерин алдоо жолу менен 280 элиталык батирин жана ресторанын тартып алышканы боюнча да маалымат булактары жазып чыгышкан. Ал эми бул экөөнүн артында ошол кездеги КР президентинин кеңешчиси И. Илмиянов жана КР президенттик аппаратынын бөлүм башчысы М. Арабаев турганы да айтылган. Ошентип, эң кызыгы М. Арабаев жумуштан алынган күнү түштөн кийин И. Илмиянов өлкөдөн сыртка чыгып кетип жатат. Эмнеге? Бул жөн гана дал келүүчүлүкпү же кооптонуубу?
Айрым маалыматтарга караганда камактагы Р. Маманов жана Р. Воинов экөө сурак маалында И. Илмияновго каршы көрсөтмө беришкен экен. Балким, башкы “шоопур” ошол нерседен да чоочулаган болушу мүмкүн. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, И. Илмиянов сыртка качууга ага чейин эле даярдык көрө баштаган сыяктуу. Себеби, анын аялы, бала-чакасы бүгүнкү күндө толугу менен Америкада жашап жатышат. Болбосо, ал жакта анын кыздары гана окушчу.
Андыктан эми суроо жаралат, И. Илмиянов эми кичи ажылыктан кайтып Кыргызстанга келеби, же жолдон Америкага кайрылып кетеби? Кыргызстанга келсе эле жоопкерчиликке тартылып калышын бөркүндөй көрүп турган “шоопур акенин” башы бул жагынан жакшы эле иштейт болушу керек.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;