Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын маалыматын угуу жол-жоболору улантылууда

Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын маалыматын угуу жол-жоболору улантылууда

16 май 2018, 10:54    bishkek
Жогорку Кеӊештин бүгүн, 16-майда өтүп жаткан жыйынында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу чараларын жүрүшүн, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иликтөө жыйынтыгы тууралуу маалыматын угуу жол-жоболору улантылды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, дагы башка чакырылган тараптар катышууда.

Эске салсак, өткөн жыйында депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов 2018-жылдын 2-февралында Бишкек ЖЭБинде авария болуп, анын кесепетин жоюу чаралары 3-5 күнгө чейин созулганын, анын аркасы менен өлкөнүн энергетика тармагында орун алган кемчиликтер ачыкка чыкканын белгилеген. «Авария Бишкек ЖЭБдин реконструкцияланбаган жагында болду. 2017-жылы оӊдоо иштерине 408 млн сом каралганына карабастан, ал жерде оӊдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Каражаттын кайда жумшалганын тиешелүү органдар кылдат текшерүү жүргүзүшү керек», - деген ал.

Андан тышкары, депутаттык комиссиянын корутундусунда «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, өлкөнүн энерготармагындагы негизги обектилердин жөнөкөйлөтүлгөн тартипте оӊдоолорду жүргүзүү, гидроэнергетикалык жана жылуулук- механикалык жабдууларды оӊдоо филиалын түзүү, «Электр станциялары» ишканасында кошумча башкы директордун техникалык орун басары кызмат ордун ачуу боюнча сунуштамалар берилген.

Андан тышкары, депутаттык комиссиянын иликтөө корутундусу УКМКнын Антикоррупциялык кызматына, Эсептөө палатасына жөнөтүлүп, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышы текшерилмекчи.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 2018-жылдын 2-февралындагы жыйынында Өкмөттүн Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чугуу себептери жана анын кесепеттерин жоюу жаатында маалыматы угулуп, анын жыйынтыгында курамы 12 депутаттан турган комиссия түзүлгөн: Улан Примов (комиссиянын төрагасы), Данияр Аттокуров, Аалы Карашев, Аида Касымалиева (КСДП), Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов («Республика - Ата Журт»), Умбеталы Кыдыралиев, Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов («Кыргызстан»), Исхак Масалиев («Өнүгүү – Прогресс»), Мыктыбек Абдылдаев («Бир Бол»), Сайдулла Нышанов («Ата Мекен»).скачать dle 12.0
Гость Jeakage от 12 февраля 2019 07:16
Cheapest Prevacid Online Amoxicillin Tight Throat Professional Viagra Generic cialis overnight shipping from usa Acheter Vrai Kamagra En Ligne Achat Viagra 50mg Telephone
Side Effects Of Kamagra Priligy Paraguay Viagra Pfizer India viagra Tinidazole Propecia Nipples Cialis 20 Mg Opiniones
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив