Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Издөө
» » Финансы министрлигинин казыналык эсебине Европа Бирлигинен билим берүү секторун бюджеттик колдоо үчүн 9,3 млн евро суммасында грант келип түштү

Финансы министрлигинин казыналык эсебине Европа Бирлигинен билим берүү секторун бюджеттик колдоо үчүн 9,3 млн евро суммасында грант келип түштү

06 дек 2018, 15:49    bishkek
0 комментарий   
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык эсебине 2018-жылдын 5-декабрында Европа Бирлигинен билим берүү сектору үчүн Европа Бирлигинин бюджеттик колдоосунун алкагында 9 млн 375 миң евро өлчөмүндө гранттык каражаттар келип түштү. Бул – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2020-жылга чейинки Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын жана 2016-2017-жылдарга иш-аракеттер планын ишке ашырууга көмөктөшкөн жалпы суммасы 30 млн еврону түзгөн бюджеттик колдоо программасынын алкагындагы жыйынтыктоочу төлөө.  
Программанын максаты жалпы жана кесиптик-техникалык билим берүү системаларын реформалоого, билим берүүнүн жана педагогикалык стандарттардын сапатын жогорулатууга, ошондой эле мамлекеттик финансыларды башкарууну жакшыртууга көмөктөшүү болуп саналат.
Андан башка, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин программаны ратификациялоо процесси маалындагы эскертүүсүнө жооп катарында бул гранттык каражаттар окуу китептерин сатып алууга, мектепке чейинки билим берүү системасын каржылоого жана бардык мектептерде Интернетти орнотууга ж.б. жумшалат.
Андан тышкары, Европа Бирлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлерине жана аталган министрликтин Коомдук Кеңешине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлерине саясий маселелер боюнча сунуштарды берип, техникалык жардам көрсөтүп, тренингдерди өткөрүп келет.
Ар бири 10 млн евро суммасындагы мурунку эки транш 2016-2017-жылдардын декабрь айларында төлөнүп берилген. Бул бюджеттик жардам Кыргыз Республикасына билим берүү Европа Бирлигинин эки тараптуу программасынын негизги үч багытынын бири болуп саналган 2014-2020-жылдарга көп жылдык индикативдик программалык жардамдын алкагында берилүүдө.
Европа Бирлиги азыркы убакта 2018-2020-жылдарга Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын Иш-аракеттер планында көрсөтүлгөн реформаларды жана тийиштүү индикаторлорду ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн 2019-2021-жылдарга 35 млн 760 миң евро өлчөмүндөгү бюджеттик жардамдын жаңы программасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен талкуулоодо. Бул программа да 2014-2020-жылдарга мамлекеттик инвестициялык программалардын алкагында каржыланат.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;