Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Издөө
» » Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселер” саатында билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык жактан коргоо жаатындагы көйгөйлөр көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселер” саатында билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык жактан коргоо жаатындагы көйгөйлөр көтөрүлдү

06 дек 2018, 11:30    bishkek
0 комментарий   
Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында эл өкүлдөрү шайлоочулардын койгон маселелерин Өкмөт тарабынан чечилишин талап кылышты.
Депутаттар Максат Сабиров менен Абылкайыр Узакбаев мамлекетти түптөөчүлөрдүн бири Жусуп Абдырахманов татыктуу эскерилбей келе жаткандыгын белгилеп, анын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын ыйгаруу, КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясына ысымын берүү, даректүү фильм тартуу, айкелин орнотуу боюнча чаралардын көрүлүшү боюнча жарандардын кайрылуусу менен тааныштырышты.
Депутат Бактыбек Райымкулов залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдердеги башкы каармандардын ролун аткарган айрым актерлердун эмгеги бааланбай келе жаткандыгына токтолуп, ага мисал катары “Ак-Кемедеги” Нургазы бир барак дагы Ардак грамота албагандыгына КР Өкмөтүнүн көңүлүн бурду. Ошону менен катар эл өкүлү белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов 2019-жылы көзү тирүү болгондо 70 жашка чыкмактыгын, ал 300дөн ашуун киного тартылып, эл аралык деңгээлде таанылгандыгын баса белгилеп, анын 70 жылдыгын жогорку деңгээлде белгилөөнү сунуш кылды.
Депутат Автандил Кулбараков Жумгал районундагы Чаек айылындагы Ногойбаев атындагы мектептин курулушу токтоп калгандыгын ортого салды. Маалыматка ылайык, мектеп курулушу 2017-жылдын ноябрында колдонууга берилмек. Каражат толук бөлүнгөнү менен куруучу подрядчик компания дагы каражат сурап жатат. Эл өкүлү бул маселеге көзөмөл кылуу жагын Өкмөткө багыттады. Мындан сырткары, Ак-Талаа районундагы Терек айылындагы Молдобасанов мектебинин спорттук залынын курулушу дагы каражат бөлүнбөй токтоп тургандыгын кошумчалады.
Жыл аягы болуп, “Жылдын мыктылары” тандалып жаткан маалы. Депутат Абдывахаб Нурбаев: “Региондорду өнүктүрүү жылында аймактардагы канчалаган чакырым жолду жөө басып, үзүрлүү иштеп келе жаткан мугалимдер менен врачтарды дагы жыл мыктыларына алып чыгуу менен жаш муундарга жакшы үлгү көрсөткөн болот элек”,- дейт.
Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүндөгү Шамалды-Сай айылындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу 28 жыл мурун башталып бүтпөй келет. Балдар айылдын маданият үйүнө, дүкөндө окууларын улантып келет. Ал эми Базар-Коргон районунун Кайырма айылындагы бала бакчанын курулушу дагы создугуп келүүдө. Депутат Таалайбек Масабиров жогорудагыдай көйгөйлөрдү көтөрүп, келерки жылдын бюджетинин капиталдык салымдар беренеси менен курулуучу обьектилердин тизмесине киргизүүнү өтүндү.
Депутат Айсулуу Мамашева Кыргызстандын билим берүүсү дүйнөлүк рейтинг боюнча акыркы орунда турарын айтып, ал компания тарабынан жүргүзүлгөн мониторинг боюнча акыркы жылы эле республика боюнча 143 миң бүтүрүүчүнүн 47 миңи (30%) эч бир окуу жайга тапшырбагандыгын белгиледи. Мындан сырткары, мектеп китептеринин мазмунунда, грамматикасында өтө көп каталар кетип жаткандыгын кошумчалады.
Депутат Мирлан Жээнчороев Бишкек шаарында Москва көчөсү, 163 дарегиндеги бала бакча өз максатына кайтарылбай, сот департаментине берилип жаткандыгын көтөрүп чыкты.
90 миң калк жашаган Алай районунда бир гана ЗАГС иш алпарат. Депутат Улан Примов бул жалгыз мекеме райондун үйлөнгөн жаштарын каттоого жетишпей жаткандыгын, кошумча штат жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселесин чечүүнү Өкмөттүн астына койду.
Чүй райондук ооруканасы 1962-жылдан бери иштеп келет. 60 миң калкты тейлейт. Оорукананын инфекциялык бөлүмү 1998-жылдан бери иштебейт, 1997-жылдан бери лифт иштен чыгып, 3-кабатка бейтаптарды алып чыгууда кыйынчылыктар жаралат. Депутат Урмат Самаев райондук ооруканы капиталдык ремонттон өткөрүүнү Өкмөттүн астына койду. Депутат Токмок аймактык ооруканасы дагы ремонтко муктаж экенин кошумчалады.
Депутат Евгения Строкова КР Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги кадр маселесин сынга алып, коррупциялык өтмүшү болгон жарандар олуттуу кызмат орундарына аракет кылып жаткандыгын айтып, Ходжаев, Н.Дүйшөналиев аттуу жарандарды мисалга тартты.
Депутат Махабат Мавлянова аялдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук маселесине токтолуп, акыркы 3 жылдын ичинде Ош облусунда эле катталган 201 өз өмүрүн кыйган фактылардын бир тобун аялдар түзгөндүгүнө статистикалык маалыматты келтирип, мамлекет тарабынан кризистик борборлор ачылышы керектигин сунуштады.
Депутат Бактыбек Райымкулов залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдердеги башкы каармандардын ролун аткарган айрым актерлердун эмгеги бааланбай келе жаткандыгына токтолуп, ага мисал катары “Ак-Кемедеги” Нургазы бир барак дагы Ардак грамота албагандыгына КР Өкмөтүнүн көңүлүн бурду. Ошону менен катар эл өкүлү белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов 2019-жылы көзү тирүү болгондо 70 жашка чыкмактыгын, ал 300дөн ашуун киного тартылып, эл аралык деңгээлде таанылгандыгын баса белгилеп, анын 70 жылдыгын жогорку деңгээлде белгилөөнү сунуш кылды.
Депутат Кубанычбек Нурматов Орусияда эмгек миграциясында жүргөн мекендештерди “кара тизмеден” чыгаруу боюнча чараларды көрүүнү жана КР Миграция кызматынын статусун көтөрүүнү Өкмөткө багыттады.
Депутат Аида Касымалиева жөлөкпулдун “Үй-бүлөгө көмөк” түрү Социалдык өнүгүү министрлигинин Жобосундагы пункка байланыштуу элге жетпей жаткандыгын айтып чыкты. Ал аталган Жободо карама-каршылыктар көп экенин айтып, аны кайра карап чыгууну сунуш кылды.
Депутат Сагындык Келдибаев республика аймагында каржылоо жаатында шылуундук менен алектенген компаниялар түзүлүп, элдин башын айландырып жатканынан эскертүү жасады. Анын айтымында, Ошто “Драгонс”, Нарында “Барс.kg”, “Евро”, Ысык-Көлдө жана башка аймактарда да каржылык пирамида уюштуруп, шылуундук кылып жаткан компанияларды теске салуу керектигин белгиледи.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;