Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Издөө
» » Маркум Түркмөнбашынын үй-бүлөсү Берлиндеги курулушка миллиондогон инвестиция салууда

Маркум Түркмөнбашынын үй-бүлөсү Берлиндеги курулушка миллиондогон инвестиция салууда

06 дек 2018, 14:09    bishkek
0 комментарий   
Мурдагы Түркмөнбашы Сапармурад Ниязовдун үй-бүлө мүчөлөрү ээлик кылган компания Берлиндин эң кымбат райондорунун биринде эки объект курат. Бул тууралуу Der Tagesspiegel немис гезити жазды.
«Мурдагы «Түркмөнбашынын» үй-бүлө мүчөлөрү Trockland Group компаниясынын үлүштөрүнө ээлик кылышат. Ал компания Берлиндеги эң кымбат райондордун бири эсептелген Чекпойнт Чарли районуна объектилерди курганы жатат», — деп жазды гезит 28-ноябрдагы санында.
Басылманын иликтөөсүнө ылайык, кезинде өзүн «Түркмөнбашы» деп атаган Сапармурад Ниязовдун кызы менен небереси Берлинде эки объектини курууга ниеттенип жаткан Trockland Group компаниясынын курамына кирген фирмалардын акцияларына ээлик кылышат. Ниязовдун күйөө баласы Владимир Сколов болсо Trockland Groupтун вице-президенти болуп, компаниянын миллиондогон инвестициялары үчүн жооп берет.
Гезиттин маалыматына караганда, маркум «Түркмөнбашынын» жесири Муза Ниязова дагы Trockland Group компаниясынын курамына кирген «Trockland XI Charlie GmbH» фирмасынын акцияларына ээлик кылат. Ал ошондой эле Берлиндин Данцингер Штрассе көчөсүндө турак-жай комлексин курган «Paragon Appartements» фирмасынын акцияларына ээлик кылып, кийин аны сатып жиберген.
Der Tagesspiegel гезити Орусиядагы булактарына таянуу менен Муза Ниязова Түркмөнбашынын өлүмүнө чейин эле аны менен бейрасмий түрдө ажырашканын жазды. Маркум президенттин жакын санаалаштарынын биринин «Азаттыктын» түркмөн кызматына ырасташынча, Муза Ниязова чынында эле Түркмөнбашынын алгачкы президенттин жылдарында эле Москвага кетип, өлкөгө көп келбей жүргөн.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;