Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » ММК фондунун 2018-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 846 млн сомго, ал эми анын чыгашалар бөлүгү 371 млн сомго жогорулайт

ММК фондунун 2018-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 846 млн сомго, ал эми анын чыгашалар бөлүгү 371 млн сомго жогорулайт

06 дек 2018, 10:35    bishkek
Жогорку Кеӊеште Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылдагы бюджетинин негизги параметрлерине тактоого багытталган «КР Өкмөтүнө караштуу ММК фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Фонддун башчысы Марат Калиевдин айтымында, буга чейин ММК фондунун 2018-жылга карата бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 14 млрд 230 млн сом көлөмүндө бекитилгенин эске салып, азыр ал көрсөткүчтү Өкмөттүн жана Жогорку Кеӊештин жыл ичиндеги чечимдеринин негизинде өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкканын билдирди.
«Ошентип, ММК фондунун 2018-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгүнүн мурда бекитилген көрсөткүчү 846 млн сомго жогорулайт. Ал эми анын чыгаша бөлүгүнүн мурда бекитилген көрсөткүчү 371 млн сомго жогорулайт”, - деди Марат Калиев.
Бир катар депутаттар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду артыкбаш мекеме экенин айтып, ал Каржы министрлигинен алган ири каражатты саламаттык сактоо мекемелерине бөлүштүргөндөн башка иши жок, мамлекеттин ичиндеги мамлекетке айланып калганын сынга алышты. Алардын пикиринде, мындай ашыкча түзүмдөрдү жоюп салуу керек.
Ал эми саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев фонд саламаттык сактоо тармагын реформалоо алкагында түзүлүп, мыйзам алкагында иш алпарып жатканын, мындай мекемелер өнүккөн өлкөлөрдүн көбүндө бар экенин белгиледи.
«КР Өкмөтүнө караштуу ММК фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору Жогорку Кеӊештин келерки аптада өтө турган жыйынында улантылмакчы.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив