Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Издөө
» » Булак: Грозныйда кармалган диний партиянын активисти Душанбедеги тергөө абагында

Булак: Грозныйда кармалган диний партиянын активисти Душанбедеги тергөө абагында

06 дек 2018, 10:31    bishkek
0 комментарий   
Грозныйда кармалган «Ислам кайра жаралуу» партиясынын Согди облусу боюнча мурдагы төрагасы Наимжон Самиев Тажикстанга экстрадицияланып, учурда Душанбедеги тергөө абактардын биринде камакта жатат. Бул тууралуу өлкөнүн укук коргоо органдарындагы өз булактар кабарлашты.
Буга чейин Human Rights Vision Foundation уюму Наимжон Самиев 4-декабрда Москвадан Душанбеге өткөрүлүп берилгенин билдирген. Тажикстанда тыюу салынган диний партиянын активисти 1-декабрда Чеченстандын борборунда кармалып, Ставрополго, эки күндөн кийин Москвага жеткирилген.
Тажикстан ИИМиндеги өз булак Наимжон Самиев учурда Душанбедеги тергөө абактардын биринде камакта экенин ырастады. «Аны ИИМ менен Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү суракка алып жатышат. Бирок азырынча айып тагыла элек», — деп билдирди ал.
5-декабрда активисттин уулу Ахмадулло Самиев атасы Орусиядан экстрадицияланганын кечинде гана укканын айтты. Анын билдиришинче, ал атасынын Грозныйда эмнеге кармалып, эмне себептен шашылыш түрдө Тажикстанга жеткирилгенин билбейт. «Атамдын Тажикстан коргоо министринин мурдагы орун басарынын 2015-жылдагы козголоңуна эч тиешеси жок. Ал 2014-жылы Түндүк Кавказга көчүп барып, Дагестанда ишкерлик менен алектенип жүргөн», — деди активисттин уулу.
Наимжон Самиев 2008-2012-жылдары “Ислам кайра жаралуу” партиясынын Согдидеги бөлүмүн жетектеген. Буга чейин Исфара ИИБси ага издөө жарыяланбаганын жана терроризмге катышы бар делген кишилердин тизмесинде жок экенин билдирген.
Бирок Ахмадулло Самиевдин айтымында, быйыл июлда атасы документтерди алуу үчүн Казакстанга келгенде ага издөөдө экенин, тажик бийлиги аны алдамчылыкка жана ишкананы банкрот кылууга айыптап жатканын билдиришкен.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;