Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Депутат Алтынбек Сулайманов, карапайым эл сотторго ишенбей калганын билдирди

Депутат Алтынбек Сулайманов, карапайым эл сотторго ишенбей калганын билдирди

15 май 2018, 13:51    bishkek
0 комментарий   
Бүгүн, 15-майда “Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышы учурунда соттордун дарегине бир топ сын айтты.

Эл өкүлү карапайым калк сотторго ишенбей калганын баса белгилеп, соттор жогорку жактын буйруктарын аткарып жатканын билдирди.

“Соттор чечим кабыл аларда эмнеге Ак үйдүн 7-кабатын карашат? Манас Арабаев деген ким? Ал сотторго буйрук берип, эртеден-кечке телефон чалып отурат экен. Ушул маселе боюнча кандай пикирдесиз?”-деген суроо салды депутат Жогорку Соттун төрайымына.

Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева Манас Арабаевден ага буйрук келбегенин билдирип, соттор бул боюнча даттанбаганын да кошумчалады.

Алтынбек Сулайманов болсо, соттор жумушунан ажырап калам деп корккондуктан Арабаев тууралуу эч кандай маалыматтарды айтпастыгын билдирди.

“Демек сиз тараптан тиешелүү чара көрүлөрүнө ишенишкен эмес. Жумушунан айрылып калышарын билген. Ошондуктан кайрылышкан эмес”,-деди депутат.

Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов соттордун көз каранды болуп жатканына нааразычылыгын билдирип, оозун жыя электе Манас Арабаев кызматтан бошотулганы тууралуу жарлык чыкканын комитеттин төрагасы Канат Керезбеков билдирди.

Белгилей кетсек, Президенттик аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаев эл оозунда “соттордун Ак үйдөгү куратору” аталып, соттордун чечими дал ушул адамдан көз каранды экени ММКларда далай жолу жазылып келген болчу.

Ал бүгүн, 15-майда саясий жетекчиликтин ишенимин жоготкондуктан ээлеген кызматынан бошотулду.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;