Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Издөө
» » 2019-жылы мамлекеттик сатып алуулар тутумунда чоң өзгөртүүлөр болот

2019-жылы мамлекеттик сатып алуулар тутумунда чоң өзгөртүүлөр болот

17 ноя 2018, 18:25    bishkek
0 комментарий   
2019-жылы мамлекеттик сатып алуулар тутумунда чоң өзгөртүүлөр болот. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынынын жүрүшүндө билдирди.
Учурда Мамлекеттик сатып алуулар порталында 3425 уюм катталган. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча талдоолорду жасалган, анын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик сатып алуулар порталында 72,8 млрд сомго 100 миңден ашык конкурс жарыяланган, алардын ичинен 36,4 млрд сомго 58 276 конкурс ишке ашкан.
«Товардык позициялардын 75%дан ашыгы – чет мамлекеттерден кирген товарлар. Биздин талдоолор боюнча, бюджеттик жана бюджеттик эмес уюмдар аларды атамекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алса болот. Товарларды атамекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу зарыл. Мындай кадам келечекте ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө жасалган олуттуу салым болуп эсептелет. Ошону менен бирге атамекендик товар өндүрүүчүлөргөтоварлардын сапатын жакшыртууга шарттар түзүлөт», – деди Өкмөт башчы.
Премьер-министр ошондой эле мамлекеттик сатып алууга жумшалган каражаттар өзүбүздүн экономикабызга иштөөсү зарылдыгын белгиледи.
«Мамлекеттик сатып алуулар саясатын түп-тамырынан бери өзгөртүү үчүн укуктук-ченемдик актыларга тийиштүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүдө», – деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.   скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;